Жер агенттигинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо иш-чарасы өттү

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 6-март күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө борбордук аппаратта эмгектенген айымдарга гүлдөр жана атайын белектер тапшырылды. Жамааттагы айымдардын эмгеги, жоопкерчилиги жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленип, аларга ыраазычылык билдирилди.

Иш-чарада Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов жалпы айымдарды майрамы менен куттуктап, төмөнкүдөй каалоо-тилектерин билдирди:

«Урматтуу айымдар! Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аялзаты ар дайым үй-бүлөнүн берекеси, коомдун тиреги болуп келген. Сиздердин эмгекчилдигиңиздер, сабырдуулугуңуздар жана жоопкерчиликтүү ишиңиздер мекемебиздин өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Ар дайым ден соолукта болуп, үй-бүлөңүздөрдө бакыт-таалай, ишиңиздерде ийгиликтер коштоп жүрсүн. Майрамыңыздар кут болсун!»

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, айымдарга жакшы каалоо-тилектер айтылды.
________________________

Сегодня, 6 марта, в центральном аппарате Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялось торжественное мероприятие, посвященное Международному женскому дню — 8 Марта.

В ходе мероприятия женщинам, работающим в центральном аппарате, были вручены цветы и специальные подарки. Было отмечено их трудолюбие, ответственность и вклад в развитие общества.

В ходе мероприятия первый заместитель директора Госагентства по земельным ресурсам Жакшылык Токтосунов поздравил всех женщин с праздником и отметил:

«Уважаемые женщины! От всей души поздравляю вас с Международным женским днем — 8 Марта. Женщина всегда была и остается хранительницей семейного очага и опорой общества. Ваше трудолюбие, терпение и ответственное отношение к работе вносят большой вклад в развитие нашего ведомства. Желаю вам крепкого здоровья, семейного благополучия, счастья и новых успехов в работе. Пусть в вашей жизни всегда будут радость, тепло и гармония. С праздником вас!»

Мероприятие прошло в теплой и праздничной атмосфере, женщинам были высказаны искренние слова благодарности и наилучшие пожелания.