ЖЕР АГЕНТТИГИНИН БОРБОРДУК АППАРАТЫНДА ТЕХНИКАЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ОКУТУУ-СЕМИНАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • Рубрика записи:Новости

Жер агенттигинин борбордук аппаратында кызматкерлер үчүн эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча окутуу-семинары уюштурулду.

Иш-чараны техникалык коопсуздук жана жарандык коргоо боюнча инженер Искен Бектуров өткөрүп, кызматкерлерге эмгекти коргоонун негизги талаптары, коопсуздук техникасынын эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү боюнча кеңири маалымат берди.

Лекциянын жүрүшүндө эмгекти коргоо боюнча негизги түшүнүктөр, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өндүрүштүк тартипти сактоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле кызматкерлер активдүү катышып, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүүнүн тартиби, жер титирөө учурунда коопсуз аракеттенүү жолдору жана өзгөчө кырдаалдарда көрүлүүчү чаралар боюнча суроолорун берип, адистен кеңири жоопторду алышты.

Мындай окутуу иш-чаралары кызматкерлердин коопсуздук маданиятын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө жана эмгекти коргоо талаптарын натыйжалуу сактоого багытталган.