ЖЕР МУНАПЫСЫ БОЮНЧА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДА АЯКТАЙТ

  • Рубрика записи:Новости

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
28-майындагы № 284 токтомуна ылайык, жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт.

Жер мунапысы — жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт. Ошондуктан жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандар 2025-жылдын 1-июлна чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн жер амнистиясы боюнча комиссияларга кайрылуусу керек.

Программа башталгандан бери республика боюнча 2025-жылдын 20-июнуна карата жалпы 170 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.

Учурда Жер агенттиги тарабынан:

жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу 64 820мамлекеттик акты берилген;

43 278 техникалык паспорт берилген.

Амнистияга алынган жалпы жер аянты – 10 338 гектарды түзөт.