Бүгүн, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы кеңсесинде жарандарды кабыл алуу өткөрүлдү. Анда Сокулук районундагы Кожомкул айыл өкмөтүнө караштуу ВОССТ-2 жаңы конушунун бир катар тургундары жер маселелерине байланышкан көйгөйлөрүн айтып кайрылышкан.
Жарандардын кайрылууларын Жер агенттигинин жетекчилиги, тиешелүү адистер жана Сокулук райондук филиалынын өкүлдөрү карап чыгып, ар бир маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Тактап айтканда, Сокулук районунун аймагындагы жер тилкелерине байланыштуу мурда коюлган чектөөлөрдү мыйзам талаптарына ылайык кайрадан кароо, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы коюлду.
Мындан тышкары, Кожомкул айыл өкмөтүнө караштуу ВОССТ-2 жаңы конушундагы жол маселесин чечүү максатында тиешелүү карта-схемаларды карап чыгуу, жер пайдаланууга байланыштуу жаралган талаштуу жагдайларды мыйзам чегинде жөнгө салуу жана маселени атайын комиссиянын кароосуна киргизүү тапшырылды.
Жер агенттиги жарандардын кайрылуулары мыйзам чегинде каралып, ар бир маселе боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынарын белгилейт.





