КЫРГЫЗСТАНДЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ БУУНУН ГЕОПРОСТРАНСТЫК МААЛЫМАТТАРДЫ ГЛОБАЛДЫК БАШКАРУУ БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕР КОМИТЕТИНИН 16-СЕССИЯСЫНА КАТЫШТЫ

  • Рубрика записи:Новости

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев баштаган кыргыз делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөн БУУнун Геомейкиндиктик маалыматтарды глобалдык башкаруу боюнча эксперттер комитетинин (UN-GGIM) 16-сессиясына катышты.

UN-GGIMдин 16-сессиясы геомейкиндиктик маалыматтарды өнүктүрүү жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле аларды мамлекеттердин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багыттоо маселелерин талкуулаган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.

Жыйынга БУУга мүчө мамлекеттердин, геодезия, картография, кадастр жана мейкиндиктик маалыматтарды башкаруу жаатындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана тиешелүү эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

UN-GGIMдин негизги максаты – геомейкиндиктик маалыматтарды башкаруу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жана координацияны күчөтүү, мейкиндиктик маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле аларды БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү.

Кыргыз Республикасынын 16-сессияга катышуусу өлкөнүн геомейкиндиктик маалыматтарды башкаруунун улуттук системасын мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстанды эл аралык геомейкиндиктик мейкиндикке интеграциялоо үчүн маанилүү.

Сессиянын алкагында башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен улуттук геопорталдарды түзүү жана өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын мейкиндиктик маалыматтарын интеграциялоо, Жерди аралыктан зонддоо, геодезия, картография жана заманбап санариптик технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мындан тышкары, Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаевдин сессияга катышуусу Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык кесиптик коомчулукта илгерилетүүгө жана тармактык уюмдар жана өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Иш-чаранын жыйынтыгында алынган эл аралык тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын Улуттук мейкиндиктик маалыматтар инфраструктурасын, санариптик кадастрдык кызматтарды жана геомейкиндиктик маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу механизмдерин мындан ары өркүндөтүүдө пайдалануу пландалууда.

Маалымат үчүн: БУУнун Геомейкиндиктик маалыматтарды глобалдык башкаруу боюнча эксперттер комитети (UN-GGIM) – БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан геомейкиндиктик маалыматтарды макулдашылган түрдө өнүктүрүүнү, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында түзүлгөн өкмөттөр аралык механизм. Комитеттин 16-сессиясы 2026-жылдын 5–7-августунда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында өттү.

 

КЫРГЫЗСКАЯ ДЕЛЕГАЦИЯ ПРИНЯЛА УЧАСТИЕ В 16-Й СЕССИИ КОМИТЕТА ЭКСПЕРТОВ ООН ПО ГЛОБАЛЬНОМУ УПРАВЛЕНИЮ ГЕОПРОСТРАНСТВЕННОЙ ИНФОРМАЦИЕЙ

Кыргызская делегация во главе с директором Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики Эрнисбеком Зарнаевым приняла участие в работе 16-й сессии Комитета экспертов ООН по глобальному управлению геопространственной информацией (UN-GGIM), состоявшейся 5–7 августа 2026 года в штаб-квартире Организации Объединённых Наций в Нью-Йорке.

16-я сессия UN-GGIM стала важной международной площадкой для обсуждения вопросов развития и эффективного использования геопространственной информации в интересах устойчивого социально-экономического развития государств.

В работе сессии приняли участие представители государств-членов ООН, национальных органов в сфере геодезии, картографии, кадастра и управления пространственными данными, международных организаций и профильных экспертных сообществ.

Основными задачами UN-GGIM являются укрепление международного сотрудничества и координации в области управления геопространственной информацией, повышение доступности и качества пространственных данных, а также их эффективное использование для достижения Целей устойчивого развития ООН.

Участие Кыргызской Республики в 16-й сессии UN-GGIM имеет важное значение для дальнейшего развития национальной системы управления геопространственной информацией и интеграции Кыргызстана в международное геопространственное пространство.

В рамках сессии состоялся обмен опытом с другими государствами и международными организациями по вопросам создания и развития национальных геопорталов, интеграции пространственных данных государственных органов, применения дистанционного зондирования Земли, геодезии, картографии и современных цифровых технологий.

Участие директора Государственного агентства Зарнаева Эрнисбека Жакшылыковича в работе сессии также способствовало продвижению интересов Кыргызской Республики в международном профессиональном сообществе и расширению сотрудничества с профильными организациями и партнёрами.

По итогам участия полученный международный опыт планируется использовать для дальнейшего совершенствования Национальной инфраструктуры пространственных данных Кыргызской Республики, цифровых кадастровых сервисов и механизмов межведомственного обмена геопространственной информацией.

Справочно: Комитет экспертов ООН по глобальному управлению геопространственной информацией (UN-GGIM) является межправительственным механизмом ООН, созданным для обеспечения согласованного развития, доступности и эффективного использования геопространственной информации государствами-членами. 16-я сессия Комитета прошла 5–7 августа 2026 года в штаб-квартире ООН в Нью-Йорке.