Жер агенттиги электрондук техникалык паспортту берүүнү баштады

  • Рубрика записи:Новости

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик кыймылсыз мүлк объекттерине электрондук техникалык паспортту түзүү жана берүү ишин расмий түрдө баштады.

Тиешелүү буйрукка ылайык, 2026-жылдын 11-майынан тартып Жер агенттигинин шаардык жана райондук филиалдарында электрондук техникалык паспортту даярдоо жана берүү кызматы ишке киргизилди. Бул жаңычылдык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Электрондук техникалык паспорт — бул кыймылсыз мүлк тууралуу негизги техникалык маалыматтарды камтыган санарип документ. Анын курамына:
• объекттин титулдук бөлүгү;
• жер тилкесинин кадастрдык планы;
• имараттын кабаттык планы;
• экспликациясы кирет.

Жер агенттиги жарандарга заманбап, ыңгайлуу жана санарип кызматтарды көрсөтүү багытында иштерди улантууда.

______________________________

Земагентство начало выдачу электронных технических паспортов

Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики официально запустило процесс формирования и выдачи электронных технических паспортов на объекты недвижимости.

Согласно соответствующему приказу, с 11 мая 2026 года городские и районные филиалы Земагентства начали предоставление услуги по оформлению и выдаче электронного технического паспорта. Данное нововведение направлено на повышение качества и доступности государственных услуг.

Электронный технический паспорт — это цифровой документ, содержащий основные технические сведения об объекте недвижимости. В его состав входят:
• титульная часть объекта;
• кадастровый план земельного участка;
• поэтажный план строения;
• экспликация.

Земагентство продолжает работу по внедрению современных, удобных и цифровых государственных услуг для граждан.