Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын даректөө системасын жаңылоого арналган семинар өттү.
Иш-чарага Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигине караштуу Даректик маалыматтарды жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Корей мейкиндиктик маалымат корпорациясынын адистери катышты.
Корейлик адистер долбоордун негизги багыттарын сунушташты. Алардын ичинде:
- даректөө системасын жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талдоо жана кароо;
- Кореянын көчө аттары боюнча даректөө тажрыйбасын изилдөө;
- заманбап даректөө ыкмаларын киргизүү боюнча консультациялар.
Долбоордун максаты — даректөө маалыматтарын өнүктүрүү жана санариптештирүү менен катар эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү, жаңы тармактарды түзүү жана турмуш-тиричилик жана административдик кызмат көрсөтүүлөр тармагына инновацияларды киргизүү. Жаңыланган система жарандардын жашаган жайларын гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде транспорттук жолдорду да камтыйт.
Долбоор 5 ай ичинде толук ишке ашырылып, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында жыйынтыкталат. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан менен Кореянын адистеринин биргелешкен жолугушуулары, окутуулар жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.
В Кыргызстане стартовал проект по модернизации адресной системы
В главном офисе Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии состоялся семинар, посвящённый модернизации адресной системы Кыргызской Республики.
В мероприятии приняли участие эксперты Корейской корпорации пространственной информации и представители Государственного агентства по ведению адресных данных при Министерстве внутренних дел и безопасности Республики Корея.
Корейские специалисты представили ключевые направления проекта, среди которых:
- обзор и анализ возможностей по улучшению адресной системы;
- изучение опыта Республики Корея в адресации по названиям улиц;
- консультации по внедрению современных подходов в адресное администрирование.
Цель проекта — не только развитие и цифровизация адресной информации, но и создание условий для стимулирования экономического роста, формирования новых отраслей, а также внедрение инноваций в сфере бытовых и административных услуг. Система охватит не только места проживания граждан, но и всю территорию страны, включая транспортные пути.
Срок реализации проекта — 5 месяцев, с завершением 10 декабря текущего года. В течение этого времени планируются совместные встречи специалистов Кыргызстана и Кореи, обучающие программы и другие мероприятия, направленные на успешную реализацию инициативы.