2025-жылдын 25-сентябрында Корея Республикасынын Коянг шаарында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, даректүү системаны модернизациялоого багытталган. Замандын талабына жооп берген бирдиктүү дарек базасы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, санариптик трансформацияны бекемдеп, өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев келишимдин маанилүүлүгүнө токтолуп, бул жөн гана формалдуу документ эмес экенин белгиледи.
«Биз үчүн бул жөн гана формалдуу документ эмес. Меморандум Кыргызстандын жана Корея Республикасынын ачык, коопсуз жана заманбап башкарууга болгон биргелешкен умтулуусун чагылдырат. Даректүү системаны модернизациялоо жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды жакшыртып, кызматтарга жетүүнү жеңилдетет жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди арттырат. Биз бул кызматташтык жемиштүү болуп, өлкөлөрүбүзгө жана элдерибизге чоң пайда алып келет деп ишенебиз».
Меморандумга кол коюу Кыргызстанда даректүү системалар чөйрөсүндө эл аралык стандарттарды киргизүүгө жасалган маанилүү кадам болуп, өлкөнүн санариптик жана инновациялык өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз тараптан документке Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев, ал эми корей тараптан – Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин вице-министри Ким Мин Жа кол койду.
_________________________
Кыргызстан и Республика Корея подписали Меморандум о модернизации адресной системы
25 сентября 2025 года в городе Коян (Республика Корея) состоялось подписание Меморандума о взаимопонимании между Государственным агентством по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики и Министерством внутренних дел и безопасности Республики Корея.
Этот документ открывает новую страницу в развитии сотрудничества между двумя странами и направлен на модернизацию адресной системы, что имеет стратегическое значение для Кыргызстана. Единая и современная адресная база позволит повысить эффективность государственного управления, укрепить цифровую трансформацию и создать новые условия для экономического роста.
Директор Государственного агентства Эрнисбек Зарнаев отметил важность соглашения:
«Для нас это не просто формальный акт. Меморандум отражает общую приверженность Кыргызстана и Республики Корея к прозрачному, безопасному и современному управлению. Модернизация адресной системы создаст условия для более качественного обслуживания граждан, упростит доступ к государственным услугам и повысит доверие к институтам власти. Мы верим, что наше сотрудничество будет плодотворным и принесёт большую пользу странам и их народам».
Подписание Меморандума стало важным шагом на пути к внедрению в Кыргызстане международных стандартов в сфере адресных систем, что позволит укрепить позиции страны в области цифровизации и инновационного развития.
С кыргызской стороны документ подписал директор агентства Эрнисбек Зарнаев, с корейской – вице-министр внутренних дел и безопасности Ким Мин Жа.