Жер агенттиги IV Курултайдын делегаттарын кабыл алып, жер маселелерин жеринен чечти

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарындагы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн IV Курултайдын делегаттарын кабыл алуу күнү уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында министрликтер жана мамлекеттик мекемелер тарабынан атайын кабыл алуу бурчтары уюштурулуп, делегаттардын кайрылууларын жеринен угуп, ыкчам чечүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Аталган иш-чарага КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги да катышты. Кабыл алууга Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев жана директордун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов катышты. IV Курултайга келген делегаттар тарабынан эл арасынан көтөрүлгөн жер маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү угуп, айрым маселелерди жеринен чечип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бер.

Бул сыяктуу кабыл алуулар жарандар менен түз байланыш түзүүгө, жер тармагындагы актуалдуу маселелерди ыкчам кароого жана мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусуна өбөлгө түзөт.

________________________________________________________________

Сегодня, 24 декабря, в Кыргызском национальном академическом драматическом театре имени Т. Абдумомунова в городе Бишкек был организован день приёма делегатов IV Курултая.

В рамках мероприятия министерствами и государственными органами были организованы специальные приёмные зоны, где делегаты имели возможность напрямую обратиться с волнующими их вопросами и получить разъяснения, а также оперативное решение проблем на месте.

В данном мероприятии приняло участие Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики. В приёме делегатов приняли участие директор агентства Эрнисбек Зарнаев и первый заместитель директора Жакшылык Токтосунов, которые выслушали земельные вопросы, поднятые делегатами от имени населения, и ряд проблем был решён непосредственно на месте, по остальным даны соответствующие разъяснения.

Проведение подобных приёмов способствует налаживанию прямого диалога с гражданами, оперативному рассмотрению актуальных вопросов в земельной сфере, а также обеспечению открытости и прозрачности деятельности государственных органов.