УРМАТТУУ ЖАРАНДАР ЖАНА АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ! САК БОЛУҢУЗДАР!

  • Рубрика записи:Новости

Акыркы убактарда алдамчылык фактылары күчөп, белгисиз адамдар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун атынан жалган билдирүүлөрдү таратып жатышат. Алар WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу байланышып, кызматкерлерге жана жарандарга кайрылып, жалган маалымат берип, коркутуп-үркүтүп же акча талап кылууга аракет кылышууда.

Урматтуу жарандар жана кызматкерлер!
Мындай аракеттерге ишенбеңиздер! Агенттиктин расмий маалыматы жөн гана жеке номерлерден же социалдык тармактар аркылуу таратылбайт. Эгер кимдир бирөө директордун атын жамынып сиз менен байланышып, маалымат сураса, коркутса же акча талап кылса — дароо укук коргоо органдарына кабарлаңыздар.

Бул жагдай боюнча учурда укук коргоо органдары тергөө иштерин башташкан, жана мыйзамсыз аракеттерге баргандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

Сак болуңуздар! Расмий жана ишенимдүү маалыматты агенттиктин расмий сайтынан же текшерилген социалдык баракчаларынангана алыңыздар.