Бишкек жана Ош шаарларындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин 2025-жылдын 11-айындагы орточо баалары
Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин 2025-жылдын 11-айындагы орточо баалары өткөн жылга салыштырмалуу жогорулаганы байкалды (Сүр. 1). 104-сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары 2024-жылдын 11-айына салыштырмалуу 17 пайызга, 105 жана 308-сериядагы батирлер 18 пайызга, ал эми жеке типтеги батирлер 22 пайызга жогорулаган.

Сүр. 1. Бишкек шаарындагы типтүү сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./м2).

Сүр. 2. Ош шаарындагы типтүү сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./м2).
Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары 2024-жылдын 11-айына салыштырмалуу 27 пайызга, 105-сериядагы батирлер 25 пайызга, ал эми жеке типтеги батирлер 11 пайызга жогорулаган (Сүр. 2).
Жалпысынан алганда 2025-жылдын башынан баштап, ноябрь айына карата Бишкек шаарындагы батирлердин орточо баалары үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында кескин түрдө өскөн (Сүр. 3). Ал эми экинчи жана үчүнчү кварталдын биринчи эки айлырында батирлердин чарчы метринин орточо баалары бир калыпта турган. Баалардын кескин түрдө жогорулашы сентябрь айына туура келет. Ал эми октябрь жана ноябрь айларында сентябрь айына салыштырмалуу баалар кайрадан төмөндөгөнү байкалды.

Сүр. 3. 2025-жылдагы Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./м2).

Сүр. 4. 2025-жылдагы Ош шаарындагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары (долл./м2).
Ушундай эле көрүнүш Ош шаарындагы батирлерге тиешелүү (Сүр. 4). Бирок, Бишкек шаарындагы батирлерден айырмаланып, Ош шаарында батирлердин чарчы метринин ороточо баалары үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын үчүнчү декадасынан баштап жогорулаган. Баалар октябрь айына чейин өскөн. Ноябрь айында октябрь айына салыштырмалуу баалар 1,24 пайызга төмөндөгөн.
Бишкек шаарында турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баалары 2025-жылдын 11-айында өткөн жылга салыштырмалуу 28,9 пайызга өскөн (Сүр. 5).

Сүр. 5. 2025-жылдагы Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баалары (долл./м2).
2025-жылы турак үйлөрдүн баалары (долл./м2) 2024-жылга караганда кескин жогорулап, түшүп турганы байкалды.
Таблица. Бишкек шаарынын райондорундагы турак үйлөрдүн чарчы метринин баалары (долл./м2)
| Райондор | 2024-ж. 11-айы | 2025-ж. 11-айы |
| Ленин | 1397 | 1834 |
| 1 — Май | 1188 | 1584 |
| Свердлов | 1331 | 1842 |
| Октябрь | 1556 | 1752 |
Турак үйлөрдүн баалары Бишкек шаарынын Свердлов районунда 38,4 пайызга өсүп, шаар боюнча максималдуу болгон (таблица). Ал эми минималдуу өсүү Октябрь районуна тиешелүү (баалар 12,6 пайызга жогорулаган).

Сүр. 6. 2025-жылдагы Ош шаарындагы турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баалары (долл./м2).
Ош шаарында 2025-жылы турак үйлөрдүн баалары 2024-жылга караганда кескин жогорулап, 40,2 пайызга өскөн (Сүр. 6).
Турак жайлардын бааларынын өсүшү инфляциянын көрсөткөчүнөн жогору. Инфляциянын орточо деңгээли 2025-жылдын октябрь айында 9,3 пайызды түздү[1].
Турак жайларга болгон баалардын өсүшүнүн негизги факторлору болуп, суроо-талаптардын, ички миграциянын, курулуш материалдарынын бааларынын өсүшү эсептелет.
[1] НСК КР