Кыргызстанда КМШнын жерди алыстан зонддоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 47-сессиясы өттү.

  • Рубрика записи:Новости

2025-жылдын 11–12-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана Жерди алыстан зонддоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 47-сессиясы өттү. Иш-чараны КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча Мамлекеттик агенттик уюштурган.

Сессияга КМШ өлкөлөрүнүн тиешелүү тармактык мекемелеринин жетекчилери, Межгоссовет Секретариатынын өкүлдөрү, ошондой эле базалык уюмдар – Москва мамлекеттик геодезия жана картография университети (МИИГАиК), “Роскадастр” мамлекеттик-укуктук компаниясы катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

  • 2021–2024-жылдардагы Мамлекеттер аралык кеңешинин ишинин жыйынтыктары;
  • 2024-жылы өткөн 46-сессиянын чечимдерин аткаруу;
  • 2026-жылга чейинки Мамлекет аралык кызматташуу программасынын отчету;
  • базалык уюмдардын жана жумушчу топтордун иши;
  • Геопорталды иштетүү үчүн базалык жана тематикалык маалымат топтомдорун жаңылоо;
  • Геопорталдын жаңы редакциясы жана өнүгүү багыттары.

Ошондой эле мамлекеттер аралык геомаалыматтык инфраструктура геопорталын түзүү долбоорун ишке ашыруу алкагында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги жана Россия Федерациясынын Росреестри ачык мейкиндиктик маалыматтар менен алмашуу жана аны толуктоо үчүн макулдашуу келишимине кол коюшту.

Документке КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев жана Росреестрдин жетекчиси Олег Скуфинский кол коюшту.

Келишимдин алкагында Геопорталды мындан ары өнүктүрүү үчүн бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын ичинде: ачык пайдалануу үчүн материалдарды жана мейкиндиктик маалыматтарды түзүү жана алмашуу, методологиялык документтерди иштеп чыгуу, маалыматтык системаларды жана электрондук сервистерди түзүү жана өнүктүрүү бар.

Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев белгилегендей:
«Геопорталдын өнүгүшү улуттук системаларды интеграциялоону, актуалдуу картографиялык материалдарга жетүүнү жана илимде, экономикада жана аймактарды башкарууда талап кылынган заманбап сервистерди түзүүнү камсыз кылат».