Жер агенттиги аймактык филиалдарына 20 жаңы унаа тапшырды

  • Рубрика записи:Новости

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (Жер агенттиги) региондук филиалдарына 20 жаңы кызматтык автоунаа жана заманбап GPS жабдуулары тапшырылды.

Жаңы техникаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев расмий түрдө тапшырып берди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жер агенттигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Тапшырылган 20 автоунаа Жер агенттигинин өздүк каражаттарынын эсебинен сатылып алынган. Жаңы техникалар аймактык филиалдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатууга жана жеринде ыкчам иш алып барууга багытталган.

Мындан тышкары, филиалдарга жаңы муундагы GPS жабдуулары өткөрүлүп берилди. Заманбап технологиялар жер тилкелеринин координаттарын аныктоо процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, өлчөө иштеринин тактыгын жана ылдамдыгын жогорулатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жер агенттиги акыркы жылдары жүргүзүп жаткан реформалар жана жетишкендиктер тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, аймактык филиалдардын материалдык-техникалык базасын жаңылоо, имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы имараттарды куруу боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.

Ошондой эле санариптештирүү багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулуп, бүгүнкү күндө Жер агенттигинин 11 мамлекеттик кызматы онлайн форматта, анын ичинде Түндүк тиркемеси аркылуу көрсөтүлүп жатканы айтылды. Бул жарандар үчүн кызматтарды жеткиликтүү кылып, кезек күтүү маселесин кыйла азайтты.

Мындан сырткары, кыймылсыз мүлккө байланыштуу документ жүгүртүү системасында дагы маанилүү өзгөрүүлөр ишке ашырылды. Мурда колдонулуп келген “кызыл китеп” жана “жашыл китептин” ордуна азыр кадастрдык план берилүүдө. Бул документ электрондук базага интеграцияланып, жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызмат көрсөтүү шарттарын түзүүдө.

Белгиленгендей, жүргүзүлүп жаткан иштер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик мындан ары да мамлекеттик кызматтарды модернизациялоо жана санариптештирүү боюнча иштерди улантат.

___________________________________________________

Региональным филиалам Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики переданы 20 новых служебных автомобилей и современные GPS-оборудования.

В мероприятии приняли участие Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики, представители государственных органов и сотрудники Земельного агентства.

20 новых автомобилей были приобретены за счет собственных средств Земельного агентства. Новая техника направлена на укрепление материально-технической базы региональных филиалов, повышение мобильности сотрудников и обеспечение оперативной работы на местах.

Кроме того, филиалам были переданы GPS-оборудования нового поколения. Современные технологии значительно упрощают процесс определения координат земельных участков, а также повышают точность и скорость проведения измерительных работ.

В ходе мероприятия была представлена информация о проводимых Земельным агентством реформах и достигнутых результатах за последние годы. В частности, отмечено, что ведется системная работа по обновлению материально-технической базы филиалов, капитальному ремонту действующих зданий и строительству новых объектов.

Особое внимание уделяется вопросам цифровизации. На сегодняшний день 11 государственных услуг Земельного агентства доступны в онлайн-формате, в том числе через мобильное приложение «Түндүк». Это позволило сделать услуги более доступными для граждан и значительно сократить очереди.

Также были отмечены изменения в системе документооборота в сфере недвижимости. Вместо ранее применявшихся «красной книги» и «зеленой книги» внедрен кадастровый план, который интегрирован в электронную базу данных и обеспечивает более современный и удобный формат оказания услуг.

Подчеркивалось, что проводимая работа направлена на повышение качества государственных услуг, внедрение современных цифровых технологий и создание комфортных условий для граждан.

Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики продолжит работу по модернизации и цифровизации государственных услуг.