Жер агенттигинин коллегиясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата милдеттер белгиленди

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Жыйында агенттиктин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги багыттар жана пландар бекитилди.

Коллегиянын жүрүшүндө белгиленгендей, 2025-жылы Жер агенттиги тарабынан санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү, кадастр, геодезия жана картография багыттарында бир катар иштер жүргүзүлдү. Мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, маалыматтык системалар жана санариптик картографиялык иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле филиалдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жаңы технологияларды киргизүү, геомаалыматтык системаларды өнүктүрүү, жер ресурстарын эсепке алуу жана башкаруу иштерин жакшыртуу багытында иштер аткарылды.

Коллегиянын жыйынтыгында 2026-жылга карата мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, санариптештирүүнү улантуу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, маалымат системаларын өнүктүрүү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча бир катар милдеттер белгиленди.

Жер агенттиги алдыдагы мезгилде да заманбап технологияларды колдонуу менен өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүп, жарандарга сапаттуу жана ыкчам кызмат көрсөтүүнү улантат.

________________________________

На коллегии Земельного агентства подведены итоги за 2025 год и определены задачи на 2026 год

Сегодня, 27 марта, в городе Бишкек состоялось заседание коллегии Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

В ходе заседания были подведены итоги деятельности агентства за 2025 год, а также утверждены основные направления и планы на 2026 год.

Как было отмечено на коллегии, в 2025 году Земельным агентством проведена значительная работа в сфере цифровизации, совершенствования государственных услуг, а также в области кадастра, геодезии и картографии. Расширены возможности получения государственных услуг в электронном формате, внедрены информационные системы и реализованы мероприятия по развитию цифровой картографии.

Кроме того, проведена работа по укреплению материально-технической базы филиалов, внедрению новых технологий, развитию геоинформационных систем, а также совершенствованию учета и управления земельными ресурсами.

По итогам коллегии определен ряд приоритетных задач на 2026 год, в том числе повышение качества государственных услуг, дальнейшее развитие цифровизации, эффективное использование земельных ресурсов, развитие информационных систем и усиление взаимодействия с государственными органами.

Земельное агентство и в дальнейшем продолжит совершенствовать свою деятельность с применением современных технологий, обеспечивая качественное и оперативное предоставление услуг населению.