Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт
— жер кадастры жана топографиялык изилдөө бөлүмүнүн адиси, 3 штаттык бирдик
Квалификациялык талаптар:
- Багыттары боюнча жогорку жана толук эмес жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, дизайн, юриспруденция
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
- Компьютерде MS/Office; электрондук почтаны колдонуу, маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү(AMT “Infodocs”, ArsGIS, AutoCAD)
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Этика кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;
Кызматтык милдеттери:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо
— Кыргыз Республикасынынжогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;
— жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;
-жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;
-жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчүдокументтерин даярдоо;
-жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо;
-айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;
-өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
-кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
-Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык, нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
-кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;
-жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкулдөрдүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана саппаттуу аткаруу;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
-зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;
-ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;
-ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын эсепке алуу жана колдонулуша көзөмөлдү камсыздоо;
-“Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *
-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,
-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *
-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *
-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *
-автобиография (кол менен); *
-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *
-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *
-Медициналык справка — форма 86-у
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 03-июлуна чейин (кошо алганда) Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, тел. 62-03-46 дареги боюнча тапшыруу керек.