Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек  филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек  филиалы бош кызмат ордун ээлөө конкурсун жарыялайт

жер кадастры жана топографиялык изилдөө бөлүмүнүн адиси, 3 штаттык бирдик

Квалификациялык талаптар:

  1. Багыттары боюнча жогорку жана толук эмес жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, дизайн, юриспруденция
  2. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;
  3. Компьютерде MS/Office; электрондук почтаны колдонуу, маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү(AMT “Infodocs”, ArsGIS, AutoCAD)
  4. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Этика кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;

Кызматтык милдеттери:

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо

— Кыргыз Республикасынынжогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылары менен жергиликтүү каттоо органын ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша ишмердигин уюштуруу;

— жер кадастры, жерге жайгаштыруу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бирдей аткарылышын жана жүктөлгөн функциялык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарылышы;

-жарандар менен юридикалык жактардын жерге жайгаштыруу, жер мамилелери боюнча даттануу жана арыздарынын каралып чыгуусун камсыздоо;

-жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү менен укук күбөлөндүрүүчүдокументтерин даярдоо;

-жерлерди трансформациялоо боюнча жерге жайгаштыруу көктөмөлөрүн даярдоо;

-айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын компенсацияларын эсептөө;

-өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

-кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

-Башкармалыктын белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык, нускамаларды, райсмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

-кыймылсыз мүлктүн бирдигинин маалымат базасына техникалык параметрлердин толук жана туура киргизилишин камсыздоо;

-жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкулдөрдүн кызматтык  ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана саппаттуу аткаруу;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

-зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;

-ар айлык эсепке алуу жана аткарылган жумуштардын көлөмү тууралуу ар айлык отчеттуулуктун өз убагында, туура жана сапаттуу түзүлүшүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;

-ар айлык отчет түзүү менен так отчеттуулук бланкаларын эсепке алуу жана колдонулуша көзөмөлдү камсыздоо;

-“Инфодокс” ЭДЖ системасы менен толук кандуу иштешин камсыздоо

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: *

-жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча,

-3 х 4 см сүрөт; * жыйынтык; *

-билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); *

-КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат; *

-автобиография (кол менен); *

-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); *

-аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү. *

-Медициналык справка — форма 86-у

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 03-июлуна чейин (кошо алганда) Бишкек ш., Эркиндик пр. 57, кабинет 314, тел. 62-03-46 дареги боюнча тапшыруу керек.