Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Айтматов филиалынын Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча бош кызмат ордун э элөөгө ачык конкурс жарыялайт -2бирдик

  • Рубрика записи:Вакансии

Квалификациялык талаптар:

  • Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
  • Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютердик иш билгичтиги (Word, Excel, СЭД ж.б.) болушу.
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын билүү.
  • «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын билүү.
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамын билүү.
  • «Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү.
  • Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодекстерин билүү.
  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин билүү.
  • Кыргыз Республикасынын Этика кодексин билүү.
  • «Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө», «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин билүү.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүү.
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексин билүү.
  • Мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү.

Кызматтык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • Агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын жана Агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
  • филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзамдарга ылайык келишин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;
  • кесиптик этиканын нормаларын сактоо;
  • Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
  • жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору турган жетекчилердин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;
  • филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • өздүк арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • 3×4 см фотосүрөт;
  • билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;
  • медициналык справка — 086-У формасы;
  • автобиография (өз колу менен);
  • билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылганын, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 14-июлунан баштап 27-июлга чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы, Ч. Айтматов көчөсү №7 дареги боюнча кабыл алынат.

Байланыш номери: +996 703 271 086.