Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Талас филиалы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:
Документтерди кабыл алуу жана берүү бөлүмүнүн адиси (ресепшн).
Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары:
Билим деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку же кесиптик орто билими болууга тийиш: жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, геодезия жана картография, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
- мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамын;
- «Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодекстерин;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Этика кодексин.
Чеберчилиги:
- жетекчинин тапшырмаларын аткарууга, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;
- иштин алдынкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
- ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- талаштарды компетенттүү чече билүү;
- кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
- өз ишин натыйжалуу пландаштыруу жана кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу.
Тилдерди билүүсү:
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү.
Компьютерде иштей билүүсү:
- MS Office;
- электрондук почтаны колдонуу;
- маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
- АМТ «Infodocs» (ЭИКЖТ);
- ArcGIS;
- AutoCAD.
Кызматтык милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;
- кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
- жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Агенттикке тиешелүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;
- зарыл болгон учурда комиссияларга катышуу;
- функциялык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткаруу;
- документтерди кабыл алуу жана берүү маселелери боюнча сунуштарды жана арыздарды карап чыгуу, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
- кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды дайыма изилдөө.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- жеке арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- 3×4 см сүрөт;
- жыйынтык (резюме);
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
- автобиография (кол менен);
- паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- аскердик билеттин көчүрмөсү;
- квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
- медициналык справка — 086-У формасы.
Сынакка катышуу үчүн документтер
2026-жылдын 28-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Талас филиалына төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек:
Талас шаары, Манас көчөсү №98 же К. Нуржанова аллеясы №24.