Эл аралык конференциялар

  • Рубрика записи:Новости

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик эл аралык конференцияга ийгиликтүү катышып, Кыргызстандагы Улуттук мейкиндиктик маалымат инфраструктурасынын (УММИ) өнүгүүсү боюнча өз баяндамасын сунуштады.

Бул иш-чаранын алкагында УММИнин түзүлүшү жана өнүгүүсү, анын жер ресурстарын санариптештирүүдөгү, мамлекеттик башкарууну жакшыртуудагы жана кадастр тармагында ачык-айкындуулукту жогорулатуудагы маанилүү ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Талкууга төмөндөгү темалар коюлду:

✅ Геомейкиндиктик маалыматтарды мамлекеттик жана жеке сектордун муктаждыктары үчүн интеграциялоо.
✅ ГИС жана Жерди алыстан зонддоо (ДЗЗ) сыяктуу заманбап технологияларды киргизүү.
✅ Санарип карталарды жана геопорталдарды өнүктүрүү, жер жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.

Мындан тышкары, Жер агенттиги ICREDM 2025 – Кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү жана башкаруу боюнча IV эл аралык конференцияга катышып, жер ресурстарын башкаруу жана кадастр маалыматтарын санариптештирүү боюнча заманбап ыкмаларды талкуулады.

🔹 Кыймылсыз мүлк жана геомаалыматтык технологиялар жаатындагы негизги тенденциялар.
🔹 Башка өлкөлөрдүн эксперттери менен тажрыйба алмашуу.
🔹 Жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн санариптик чечимдерди илгерилетүү.

Жер агенттиги кадастр жана картография тармагына жаңы технологияларды жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул кадастр тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу өсүшүнө салым кошуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

***

Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики успешно выступило на международной конференции, представив доклад о развитии Национальной инфраструктуры пространственных данных (NSDI) в Кыргызстане.

В ходе мероприятия рассказали о создании и развитии NSDI, ее значении для цифровизации земельных ресурсов, повышения эффективности государственного управления и прозрачности в сфере кадастра. Были затронуты ключевые вопросы:
✅ Интеграция геопространственных данных для государственных и частных нужд.
✅ Внедрение современных технологий, включая ГИС и дистанционное зондирование Земли.
✅ Развитие цифровых карт и геопорталов, обеспечивающих удобный доступ к земельной информации.

Кроме того, Земагентство приняло участие в Четвертой международной конференции по развитию и управлению недвижимостью – ICREDM 2025, где обсуждались современные подходы к управлению земельными ресурсами и цифровизации кадастровых данных.

🔹 Анализ ключевых тенденций в сфере недвижимости и геоинформационных технологий.
🔹 Обмен опытом с ведущими экспертами и представителями других стран.
🔹 Продвижение цифровых решений для эффективного управления земельными ресурсами.

Земагентство продолжает активную работу по внедрению передовых технологий и международных стандартов в области кадастра и картографии. Это важный шаг на пути к устойчивому развитию страны.