Жер агенттигинде коррупцияга каршы лекция өткөрүлдү

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 20-май күнү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытындагы түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин адиси катышып, Жер агенттигинин кызматкерлерине коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги жана кызматтык этика тууралуу кеңири маалымат берди.

Лекциянын жүрүшүндө коррупциялык аракеттердин коомго жана мамлекеттик системага тийгизген терс таасири белгиленип, мыйзам бузууга жол берген кызматкерлерге карата каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу түшүндүрмөлөр айтылды.

Мындан тышкары, кызматкерлерди ак ниеттүүлүккө, ачык-айкын иш алып барууга жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырышты.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу, кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коомдун мамлекеттик кызматка болгон ишенимин бекемдөө максатында үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

________________________________________

Сегодня, 20 мая, в центральном аппарате Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялась лекция, посвящённая вопросам профилактики и противодействия коррупции.

В мероприятии принял участие специалист Министерства внутренних дел Кыргызской Республики, который рассказал сотрудникам агентства о мерах по предупреждению коррупционных проявлений, ответственности государственных служащих, а также о соблюдении норм служебной этики.

В ходе лекции особое внимание было уделено негативному влиянию коррупции на общество и государственную систему. Также сотрудникам разъяснили, какая ответственность предусмотрена законодательством в отношении лиц, причастных к коррупционным правонарушениям.

Кроме того, участников призвали добросовестно исполнять служебные обязанности, обеспечивать прозрачность в работе и строго соблюдать требования законодательства.

Подобные мероприятия проводятся на регулярной основе в целях профилактики коррупции, повышения правовой грамотности сотрудников и укрепления доверия граждан к государственной службе.