2025-жылдын 23–26-сентябрь күндөрү Корея Республикасынын Коян шаарында геомейкиндиктик технологиялар жана даректик система боюнча бир нече маанилүү эл аралык иш-чаралар болуп өттү: 11- Мейкиндик маалымат инфраструктурасы боюнча Евразиялык конференция (ESDI Conference), Глобалдык геомейкиндиктик маалыматты башкаруу боюнча UN-GGIM-AP комитетинин 14-пленардык жыйыны жана Даректүү инновациялар боюнча глобалдык конференция (Global Address Innovation Conference).
Кыргызстанды жогорку деңгээлде КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев өкүлчүлүк кылды. Бул иш-чараларга катышуу өлкөнүн санариптештирүү, кадастрлык системаларды модернизациялоо жана даректик маалыматтарды башкарууда заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасын эл аралык аудиторияга көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Кыргызстандын катышуусунун негизги максаты – эл аралык эксперттер менен тажрыйба алмашуу, жасалма интеллект жана геомейкиндиктик технологиялар боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана мейкиндик маалыматтарды башкаруу боюнча эл аралык демилгелерде Кыргызстандын позициясын бекемдөө болуп саналат.
Иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкү багыттар талкууланды:
- жер ресурстарын санариптештирүү жана кадастрдык системаларды модернизациялоо;
- даректик системаларды жана маалыматтарды башкарууда жасалма интеллектти колдонуу;
- табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жана коомдук саламаттык сактоодо тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуу;
- геомейкиндиктик маалыматтар боюнча эл аралык жана аймактык кызматташууну өнүктүрүү;
- улуттук даректик системаларды эл аралык стандарттар менен интеграциялоо.
Кыргызстан ошондой эле санариптештирүү боюнча өзүнүн демилгелерин корей жана эл аралык өнөктөштөрү менен талкуулады, ошондой эле аймактык геомейкиндиктик уюмдар менен узак мөөнөттүү кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
_______________________________________________
Кыргызстан представил национальный опыт на международных форумах по геоинформации и адресным системам в Республике Корея
23–26 сентября 2025 года в г. Коян, Республика Корея, состоялись несколько значимых международных мероприятий в сфере геоинформационных технологий и адресной системы: 11-я Евразийская конференция по инфраструктуре пространственных данных (ESDI Conference), 14-е Пленарное заседание Комитета UN-GGIM-AP по глобальному управлению геопространственной информацией и Глобальная конференция по адресным инновациям (Global Address Innovation Conference).
Кыргызстан на высоком уровне представил Эрнисбек Зарнаев, директор Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров. Участие в этих мероприятиях позволило продемонстрировать национальный опыт в области цифровизации земельных ресурсов, модернизации кадастровых систем и внедрения современных технологий в управление адресными данными.
Основная цель участия Кыргызской Республики заключалась в обмене передовыми практиками с международными экспертами, изучении опыта других стран в области искусственного интеллекта и геоинформационных технологий, а также укреплении позиций Кыргызстана в международных инициативах по устойчивому развитию и управлению пространственными данными.
В ходе конференций обсуждались следующие ключевые направления:
- цифровизация и модернизация земельного кадастра;
- использование искусственного интеллекта для улучшения адресных систем и управления данными;
- повышение устойчивости к природным катастрофам, климатическим изменениям и рискам в области общественного здравоохранения;
- развитие международного и регионального сотрудничества в сфере геопространственных данных;
- интеграция национальных адресных систем с международными стандартами.
Кроме того, Кыргызская Республика имела возможность представить свои инициативы по цифровизации земельных ресурсов и обсудить потенциальное сотрудничество с корейскими и международными партнёрами. Участие в этих мероприятиях также способствует укреплению долгосрочных связей с региональными геопространственными организациями и обмену практическим опытом для дальнейшего развития национальной инфраструктуры пространственных данных.