Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кочкор филиалы жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис -1 бирдик бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис – 1 (бир) бирдик.

Кесиптик билим деңгээли: Багыттары боюнча  жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр,  архитектура жана шаар куруу, юриспруденция,  агроном, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:

Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча иш тажрыйбасы талап кылынбайт.

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

–  Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–   Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

“Жер  кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”,   “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик  жол-жоболор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

–   Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай  кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын  12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Компьютерде иштей билүү:

– MS / Office;

– электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;

– СЭД  жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;
— жыйынтык (резюме);-* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
— өмүр баян (кол менен);
— паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

-Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026- жылдын 16-февралынан баштап, 2026- жылдын    27-февралын кошо алуу менен саат 17:30 га чейин, Кочкор  филиалынын кабылдамасына тапшыруунуздар керек.

Дареги: Кочкор району,  Кочкор айылы , С.Алиев көч., 22Телефон: 0 3535  5-10-23

 

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.