Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Москва филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн, жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна – 1 (бир) орун

Квалификациялык талаптар:

Жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адис кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат.

Кесиптик билимдин деңгээли:

• төмөнкү багыттар боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

Ишке тажрыйбасы жана эмгек стажы:

• жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

• мамлекеттик жана расмий тилди билүү;

• компьютердик иш ишмердүүлүгүнө (Word, Excel, СЭД ж.б.) ээ болуу;

• мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү.

Билүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылар:

• Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

• Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

• Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

• Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;

«Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

• Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

Кызматтык милдеттери:

• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

• Агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын жана Агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

• филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

• кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

• Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

• кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

• жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору тургандардын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

• мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;

• филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

• өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3×4 см фотосүрөт;

• билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

• КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;

• медициналык справка (форма №86-У);

• автобиография (өз колу менен);

• аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

• окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

• паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Сынакка катышуу үчүн документтер

2026-жылдын 31-июлунан баштап 20-августун кошо алганда саат 17:30га чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Москва району, Беловодск айылы, Победа көчөсү №44

Байланыш телефондору: (03131) 5-27-92, +996 558 129 349.