Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Картография бөлүмүнүн адисинин кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билим деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку жана атайын орто билими: жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация.
Иш тажрыйбасы жана стажы:
Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча иш тажрыйбасы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүк:
— ГИС тиркемелери менен иштөө тажрыйбасы (QGIS, ArcGIS, Geoserver ж.б.);
— GPS, GNSS кабылдагычтары менен иштөө тажрыйбасы;
— геодезиялык координаттар системасын билүүсү;
— кыймылсыз мүлккө дарек жана идентификациялык код ыйгаруу принциптерин билүүсү;
— индекстелген каттоо карталарын жүргүзүү принциптерин билүүсү;
— картографиялык материалдарды, ортофотопландарды колдонуу жана географиялык координаттарга байлоо жана санариптештирүү иштерин жүргүзүү тажрыйбасы.
Билүүсү зарыл:
— мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Жер кодексин.
Чеберчилиги:
— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
— өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу.
Жөндөмдөрү жана көндүмдөрү:
— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо;
— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
— маалыматтык базаларды жана сервистик, программалык кызматтарды колдоно билүү;
— геодезия, картография багыты боюнча мыйзамдардын негиздерин билүү, укуктук жана методикалык документтер менен иштөө, аларды практикада колдонуу;
— ГИС продуктуларынын өзгөчөлүктөрүн жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этиканын ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат жазуу ыкмаларын билүү, жолугушууларды өткөрүү;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;
— тренингдерди жана билим берүү курстарын өткөрүү боюнча көндүмдөрү;
— чыгармачыл жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу.
Жеке сапаттары:
— чынчылдык;
— калыстык;
— жоопкерчилик;
— тартип;
— пунктуалдуулук;
— демилгелүүлүк;
— натыйжалуулук;
— коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу;
— кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуусу.
Тилдерди билүүсү:
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.
Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
Инновацияга басым жасоо; командалык иш; натыйжага багыт алуу; аналитикалык ой жүгүртүү; стратегиялык иштер; профессионалдык өнүгүү; ийкемдүүлүк; лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Жоюлган жана/же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар филиалдын кадастрдык картография боюнча адис кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
• жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
• 3 х 4 см сүрөт;
• жыйынтык (резюме);
• билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
• КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
• автобиография (кол менен);
• паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
• аскердик даража жана аскердик наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
• медициналык справка — форма 086-у.
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2026-жылдын 23-июнунан баштап 06-июлун кошо алганда кабыл алынат.
Бишкек ш., Эркиндик пр., 57, кабинет 314 дареги боюнча тапшыруу керек.
Тел.: 62-03-46, 0 220 188 243.