1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Жетектөөчү адис — юрист кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку билими: юриспруденция
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Жетектөөчү адис юрист — жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билүүсү зарыл:
— Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
— “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
— “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин”;
— Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун;
— — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” жобону;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;
— Филиал жөнүндө жобону.
Чеберчилиги:
— иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
— ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
— өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Жөндөмдүүлүк:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
— конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;
— маалымат базалары менен иштөө;
— презентацияларды даярдоо;
— кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;
— Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тилдерди билүүсү:
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.
Компьютерде иштей билүүсү:
— MS/Office;
— электрондук почтаны колдонуу;
— маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
— АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).
Жеке сапаттары:
чынчылдык; калыстык; жоопкерчилик; тартип; аткаруучулук; тырышчаактык;
демилге; натыйжалуулук; кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу; коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.
Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
инновацияга басым жасоо; командалык иш; натыйжага багыт алуу; аналитикалык ой-жүгүртүү; стратегиялык иштер; профессионалдык өнүгүү; ийкемдүүлүк; лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
Жоюлган жана/же жоюлбаган соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар адамдар Филиалдын жетектөөчү адис-юрист адистиги боюнчакызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
3. Кызматтык милдеттери:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;
— Борбордук аппарат, министрликтер, ведомстволор жана башка аткаруу бийликтери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана ɵз алдынча башкаруу органдары, Филиалдын башка түзүмдɵрү менен болгон иш аракеттерди ɵзүнүн компетенциясына ылайык камсыздайт;
— Сот, укук коргоо органдарында, ошондой эле Филиалдын ишине байланыштуу укуктук маселелерди кароодо мамлекеттик жана коомдук уюмдарда Филиалдынкызыкчылыгынкоргойт;
— Агенттиктин жана филиалдын жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды, башкармалыктын жобосунда каралган тапшырмаларды жана милдеттерди аткаруусун камсыздайт;
— Агенттиктин жана Филиалдын компетенциясына кирген маселелерди карайт, жетекчиликтин жана башка мамлекеттик органдардын жыйындарында катышат;
— өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берет;
— жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткарат;
— Белгиленген тартипте филиалдын, Агенттиктин атынан сот инстанцияларына дооматтарды, доолорду, арыздарды, каршы пикирлерди, даттанууларды, өтүнүчтөрдү жана башка документтерди даярдайт;
— Сотиштеринкароонуннатыйжаларынталдайтжанажалпылайт, кемчиликтердижоюубоюнча сунуштардыкиргизет;
— Сот жана укук коргоо органдарынан келип түшкөн суроо-талаптарга, жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларына, жарандардын консультацияларына жооп берет;
— Филиалдындиректорунунколкоюусунаберилгенбуйруктардын, нускамалардын, жоболордун жанаукуктукмүнөздөгү башка документтердиндолбоорлорунун мыйзамдаргаылайыккелишин текшерет. Ылайыккелбегендиги аныкталса, тиешелүүмаселенимыйзамдуучечүүбоюнча сунушкиргизет;
— адистермамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде мекемеде ишин токтоткондон кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого милдеттенет;
— жарандардынкатталган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсызкылат; — кызматтыкмилдеттердиаткарууүчүнзарыл болгон чеберчиликдеңгээлинсактайт;
— жогорутурган органдардынтоктомдорун жана буйруктарын аткарат;
— Филиалдын жана Агенттиктин жетекчилеринин тапшырмасы менен отчетторду, маалыматтарды убагында даярдайт.
4. Укуктар
— кызматтыкмилдеттеринаткарууүчүн зарыл болгонуюштуруу-техникалыкшарттар менен камсызболууга;
— кызматтыкмилдеттеринаткарууүчүн, ошондой эле мамлекеттикоргандынишинөркүндөтүүжөнүндөсунуштардыкиргизүүүчүн зарыл болгонмаалыматтардыжанаматериалдардытүзүмдүкжанаведомстволукбөлүмдөрдөн, башка мамлекеттиоргандарданжанажергиликтүүөзалдынча башкарууоргандарынанбелгиленгентартиптеалууга;
— буйруктунмыйзамдуулугунашектенүүпайдаболгонучурдажетекчининоозекитескемесинжазуужүзүндөырастоонуталапкылууга. Зарыл болгонучурдаиштинөзгөчөлүгүнүнталаптарынаылайыкукуктардынжанаыйгарымукуктардынтизмегинтолуктоонуталапкылууга;
— Филиалдынкомпетенциясынынчегиндетигил же бултапшырмалардыаткаруубоюнчатүзүмдүкбөлүмдөрүнөкөрсөтмөлөрдүберүүгɵ;
— жүктөлгөнкызматтыкмилдеттеринаткарууүчүн, семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргөжанабашкаларгакатышууга, кызматтыкишсапарларга, аныничинде четөлкөлөргөчыгууга.
5. Жоопкерчилик
-ушул кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган, жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же анын күнөөсү боюнча талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат;
— мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
— жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракети же аракетсиздиги үчүн;
— мамлекеттик кызмат менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;
— жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогору турган адамдардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында, сапатсыз аткаргандыгы үчүн (укукка жатпаган тапшырмаларды кошпогондо);
— жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз убагында карабагандыгы үчүн;
— ишинин мүнөзүнө байланыштуу келтирилген зыян үчүн мыйзамдарга ылайык материалдык жоопкерчилик тартат;
— укукка жатпаган тапшырманы аткарган (же берген) учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык-укуктук же жазык жоопкерчилигин тартат;
— соткоберилгенпроцесстикдокументтердинөз убагында жана так эместиги, соттук актыларга карата доолорго жана даттанууларга берилген каршы пикирлердиннегиздүүлүгү үчүн.
2026-жылдын 31-июлунан баштап 20- августун кошо алганда саат 17:30га чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Москва району, Беловодск айылы, Победа көчөсү №44
Байланыштелефондору: (03131) 5-27-92, +996 558 129 349.