Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат.
Кесиптик билимдин деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку билими: экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, мүлктү баалоо жана башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
Тажрыйба талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүк:
Билүүсү зарыл:
- мамлекеттик жана расмий тилдерди;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
- «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы №760 «Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген «Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө» жобону;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону.
Чеберчилиги:
- иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
- ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
- өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.
Жөндөмдүүлүгү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
- конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
- маалымат базалары менен иштөө;
- презентацияларды даярдоо;
- кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тилдерди билүүсү:
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.
Компьютерде иштей билүүсү:
- MS Office;
- электрондук почтаны колдонуу;
- маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
- АМТ «Infodocs» (ЭИКЖТ).
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- 3×4 см фотосүрөт;
- билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;
- медициналык справка — 086-У формасы;
- автобиография (өз колу менен);
- билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылганын, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 16-июлунан баштап 29-июлга чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Бишкек ш., Эркиндик пр. 57 дареги боюнча кабыл алынат.
Байланыш номери: 62 03 46.