Квалификациялык талаптар:
- Билими жогорку жана атайын орто: жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация.
- Иш тажрыйбасы: талап кылынбайт.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
- Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продукталарды билүү.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.
Кызматтык милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- филиалдын картографиялык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;
- индекстелген каттоо карталарын белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүшүн, сакталышын, аларга кыймылсыз мүлк бирдиктеринин чек араларынын так киргизилишин камсыздоо;
- кыймылсыз мүлк бирдиктерине идентификациялык код ыйгарат;
- кыймылсыз мүлк бирдиктерине дарек ыйгарат;
- кыймылсыз мүлк бирдиктерин кадастрдык сүрөткө тартуу, ченөө иштерин жүргүзөт;
- кыймылсыз мүлктүн идентификациялык, даректик, картографиялык маалыматтарынын тийиштүү маалыматтык системаларга толук жана так киргизилишин камсыздайт;
- спутниктик, аэрофото сүрөттөрдөн, топографиялык карта жана башка булактардан алынган маалыматтар менен иш алып барат;
- картография жана топография жаатында филиалдын компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берет;
- кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактайт;
- жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткарат;
- картографиялык жана башка архивдик материалдардын негизинде жердин категориясын аныктайт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х 4 см сүрөт;
- жыйынтык (резюме);
- билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
- өмүр баян (кол менен);
- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- аскердик билеттин көчүрмөсү;
- окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2026-ж. 8-июнга саат 17:30га чейин Ленин көч., 25 дарегиндеги Таш-Көмүр филиалынын кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.
Тел.: 037455-03-38
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.