Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Таш-Көмүр филиалы кадастрдык картография боюнча жетектөөчу адистин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

  1. Билими жогорку жана атайын орто: жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, архитектура жана шаар куруу, геодезия жана картография, агроном, гидромелиорация.
  2. Иш тажрыйбасы: талап кылынбайт.
  3. Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  4. Компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продукталарды билүү.
  5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер, жарандык ж.б. мыйзамдарын билүүсү.

Кызматтык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • филиалдын картографиялык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;
  • индекстелген каттоо карталарын белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүшүн, сакталышын, аларга кыймылсыз мүлк бирдиктеринин чек араларынын так киргизилишин камсыздоо;
  • кыймылсыз мүлк бирдиктерине идентификациялык код ыйгарат;
  • кыймылсыз мүлк бирдиктерине дарек ыйгарат;
  • кыймылсыз мүлк бирдиктерин кадастрдык сүрөткө тартуу, ченөө иштерин жүргүзөт;
  • кыймылсыз мүлктүн идентификациялык, даректик, картографиялык маалыматтарынын тийиштүү маалыматтык системаларга толук жана так киргизилишин камсыздайт;
  • спутниктик, аэрофото сүрөттөрдөн, топографиялык карта жана башка булактардан алынган маалыматтар менен иш алып барат;
  • картография жана топография жаатында филиалдын компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат;
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берет;
  • кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактайт;
  • жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку кызмат өкүлдөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткарат;
  • картографиялык жана башка архивдик материалдардын негизинде жердин категориясын аныктайт.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х 4 см сүрөт;
  • жыйынтык (резюме);
  • билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  • КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
  • өмүр баян (кол менен);
  • паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • аскердик билеттин көчүрмөсү;
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2026-ж. 8-июнга саат 17:30га чейин Ленин көч., 25 дарегиндеги Таш-Көмүр филиалынын кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел.: 037455-03-38

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.