Министрлер Кабинетинин сыйлыктары Жер агенттигинин кызматкерлерине тапшырылды

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 20-май күнү Бишкек шаарындагы “Ынтымак Ордо” имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземдин жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата бир катар мамлекеттик кызматкерлер Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алкыштары менен сыйланышты.

Сыйланган кызматкерлердин катарында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү дагы бар:

Жакшылык Токтосунов — Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басары;

Самат Дайырбеков — Жер агенттигинин Бишкек филиалынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы;

Калыбек Кебекбаев — “Мамкартография” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо башкармалыгынын начальниги;

Замир Султашев — Жер агенттигинин Кемин филиалынын мурдагы директору;

Гүлмира Абдылдаева — Жети-Өгүз филиалынын кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адиси.

Жер агенттиги сыйлык алган кызматкерлерди куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайт.