Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл филиалы ваканттык бош кызмат орундарга сынак жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Ысык-Көл филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 4 орун.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

  • талап кылынбайт.

Кесиптик билим деңгээли:

  • төмөнкү багыттар боюнча жогорку жана атайын орто билими: жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, укук таануу, кыймылсыз мүлктү башкаруу, геодезия жана аралыкты байкаштыруу. Табият таануу илимдери: картография жана геоинформатика, география. Жаратылышты колдонуу жана экология: агрономия, токой иштери, гидромелиорация.

Кесиптик компетентүүлүгү:
Ченемдик укук актыларды билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө», «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө Жобо.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
    — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобо;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен бекитилген “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” жобо;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген “Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобо;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежеси”;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу” жобо;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобо;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама”;
    — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону.
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 “Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө” токтому;
    — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө”, “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө” тартиптери;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Этика кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.

Билүүсү шарт (керек):

  • ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн инновациялык (жаңычыл) ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
  • өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Чеберчилиги:

  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу.
  • натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, кат алышууларды мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;
  • маалымат базалары менен иштөө;
  • кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
  • компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү;
  • GPS аппараты менен иштөөсү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • картографиялык материалдар менен иштөө;
  • жумуш убакытты туура бөлүштүрүү;
  • AutoCAD, ArchiCAD, ArcGIS программаларын ишке ашыруу жана колдоно билүү.

Тилдерди билүү:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүү:

  • MS Office;
  • электрондук почтаны башкаруу, интернет тутуму менен иштөө;
  • СЭД жана башка маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

Жеке сапаттар:

  • чынчылдык;
  • калыстык;
  • жоопкерчилик;
  • тартип;
  • тырышчаактык;
  • мотивация;
  • натыйжалуулук;
  • жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
  • кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3×4 сүрөт – 3 даана;
  • паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
  • кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 27-апрелинен тартып 2026-жылдын 18-майынын саат 17:30га чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл филиалынын кабылдамасына тапшыруунуңуздар керек.

Дареги: Чолпон-Ата шаары, Совет көч., 120
Телефон: 0 3943 4-27-53, 0705333579.