2026-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети имаратында Бош орундар жарманкеси, Карьера күнү жана Ачык эшиктер күнү болуп өттү.
Аталган иш-чарага Жер агенттиги да активдүү катышып, Бишкек, Аламүдүн жана Сокулук филиалдарындагы бош кызмат орундар боюнча жарандарга кеңири маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жарманкенин алкагында кызыккан жарандарга жумушка орношуу шарттары, талаптар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңештер берилди.
Жарманкенин негизги максаты — жарандарды, айрыкча жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, билим берүү мекемелери менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле калкты учурдагы бош орундар жана эмгек рыногундагы заманбап тенденциялар тууралуу маалымдоо болуп саналат.
Иш-чарага мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюм катышып, жалпы 5000ден ашуун бош кызмат орундарын сунушташты. Бул орундар өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы жана телекоммуникация сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыды.
Жер агенттиги мындан ары да жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгек рыногундагы актуалдуу мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдоону улантат.
_____________________________________________________
Агентство по земельным ресурсам приняло участие в ярмарке вакансий, прошедшей в городе Бишкек
23 апреля 2026 года в городе Бишкек, в здании Бишкекского государственного университета имени К. Карасаева, состоялись Ярмарка вакансий, День карьеры и День открытых дверей.
Агентство по земельным ресурсам также приняло активное участие в данном мероприятии, предоставив гражданам подробную информацию о вакантных должностях в филиалах по Бишкеку, Аламудунскому и Сокулукскому районам, а также проведя разъяснительную работу. В рамках ярмарки заинтересованным гражданам были даны консультации по условиям трудоустройства, требованиям и возможностям.
Основная цель ярмарки — содействие занятости граждан, особенно молодежи, укрепление взаимодействия между образовательными учреждениями и рынком труда, а также информирование населения о текущих вакансиях и современных тенденциях на рынке труда.
В мероприятии приняли участие около 100 организаций из государственного, муниципального и частного секторов, представив более 5000 вакансий. Предложенные рабочие места охватывали различные сферы, включая производство, транспорт, сферу услуг, финансы и телекоммуникации.
Агентство по земельным ресурсам и в дальнейшем продолжит работу по содействию занятости населения и информированию граждан об актуальных возможностях на рынке труда.








