Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалы төмөнкү бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:
• Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттоо боюнча адис – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалы, 2 штаттык бирдик.
Кесиптик билим деңгээли:
• юриспруденция багыты боюнча жогорку жана атайын орто билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
• адистик боюнча иш стажы кеминде 3 (үч) жыл.
Кызматтык милдеттерди аткарууда жетекчиликке алынуучу ченемдик укуктук актыларды билүү:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
• Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
• Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Административдик ишмердүүлүктүн негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыктары, тескемелери жана токтомдору;
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо;
• Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн), ошондой эле алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө Жобо;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
• Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
• Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мекеменин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ички актылары;
• каттоо аракеттерин жүргүзүүнүн тартиби жана эрежелери, зарыл документтерди тариздөө;
• кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө Кыргыз Республикасынын административдик, жарандык процесстик, кылмыш-жаза процесстик, турак жай, үй-бүлө жана эмгек мыйзамдары;
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Ата филиалы жөнүндө Жобо.
Ээ болуусу:
• кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды колдонуу;
• маалымат базалары, электрондук документ жүгүртүү системалары (СЭД), пландоо-картографиялык материалдар менен иштөө.
Көндүмдөрү:
• жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
• документтерди жана маалыматтарды сапаттуу даярдоо;
• кызматтык милдеттерине ылайык өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
• мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүү;
• команда менен иштөө.
Ыкмалары (навыктары):
• ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
• ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
• жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча, резюме, автобиография;
• 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт – 3 даана;
• соттолбогондугу же соттолгондугу тууралуу маалымкат;
• паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде түп нускасы көрсөтүлөт);
• талап кылынган кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билим жөнүндө, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам ыйгарылганы тууралуу документтердин нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).
Конкурска катышуу үчүн документтер
2026-жылдын 20-апрелинен 01-майына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Чүй облусу, Кант шаары, Москва көчөсү №8.
Телефон: (03132) 5-59-37, (03132) 5-48-71.