Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

  • Рубрика записи:Вакансии

Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары

Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин кызмат ордуна коюлуучу төмөнкү кызматтык талаптар коюлат.

Кесиптик билим деңгээли:

  • экономика жана финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, менеджмент жана юриспруденция багыттары боюнча жогорку билим;

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору тарабынан берилген “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасы боюнча сертификат.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • тиешелүү кесиптик чөйрөдө кеминде 1 жыл иш тажрыйбасы же экономика жана финансы тармагында жетекчи кызматтардагы иш тажрыйбасы.

Кесиптик компетенттүүлүк:
Төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди;

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

  • “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин;

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

  • Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

  • 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдарды;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Жер агенттиги жөнүндө жобону.

Чеберчилиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

  • талдоо, божомолдоо, жалпылоо жана мониторинг жүргүзүү;

  • тез чечим кабыл алуу жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү маселелерди өз убагында аныктоо жана чечүү;

  • инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

  • өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды ишке ашыруу;

  • конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

  • маалымат базалары менен иштөө;

  • презентацияларды даярдоо;

  • жумуш убактысын рационалдуу пайдалануу;

  • компьютердик жана кеңсе техникасын, керектүү программаларды колдонуу.

Тилдерди билүүсү:

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

  • MS Office;

  • электрондук почтаны колдонуу;

  • маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

  • АМТ “Infodocs” (ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

  • чынчылдык;

  • калыстык;

  • жоопкерчилик;

  • тартип;

  • аткаруучулук;

  • тырышчаактык;

  • демилге;

  • натыйжалуулук;

  • кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

  • коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турумдук компетенциялар:

  • инновацияларга багытталуу;

  • командада иштөө;

  • натыйжага жетүүгө умтулуу;

  • аналитикалык ой жүгүртүү;

  • стратегиялык иш алып баруу;

  • кесиптик өнүгүү;

  • ийкемдүүлүк;

  • лидерлик сапаттар жана башкаларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү;

  • маданият аралык компетенттүүлүк.

Жетектөөчү адис кызмат ордуна соттолгондугу бар (жоюлган же жоюлбаган), кылмыш иши боюнча куугунтуктоо же шектелүү статусу бар адамдар дайындалбайт.


3. Кызматтык милдеттери

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

  • өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүүнү камсыз кылуу жана көзөмөлдөө, шарттарын макулдашуу;

  • бөлүмдө документтерди (маалымат базалары, келишимдер, ишеним каттар ж.б.) туура эсепке алуу, жүргүзүү жана сактоо;

  • келишимдерди жана контракттарды даярдоо, тариздөө жана макулдашуу;

  • контракттардын реестрин жүргүзүү жана алардын аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөө;

  • келишим шарттарынын тууралыгын текшерүү (мөөнөттөр, суммалар, милдеттенмелер);

  • контракттарды аткаруу боюнча контрагенттер менен өз ара иш алып баруу;

  • келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөө (жеткирүү, төлөмдөр, актылар);

  • кошумча макулдашууларды, өзгөртүүлөрдү жана контракттарды бузуу боюнча документтерди даярдоо;

  • зарыл учурда доо иштерине катышуу;

  • контракттар боюнча документтерди топтоо жана сактоо;

  • контракттык ишмердүүлүк боюнча отчетторду даярдоо;

  • Жер агенттигинин юридикалык, финансылык жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;

  • Жер агенттигинин компетенциясына кирген маселелерди кароодо жетекчиликтин жана башка мамлекеттик органдардын жыйындарына катышуу;

  • Жер агенттигинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана тиешелүү укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы «Сатып алуулар борбору» мамлекеттик мекемеси аркылуу жүргүзүлгөн сатып алуулар жол-жоболорун өткөрүү (арыздарды чогултуу, сатып алуу планын түзүү, контракт долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу);

  • Жер агенттигинин каржы сметасы менен иштөө;

  • кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

  • ички тартип эрежелерин, кызматтык нускамаларды жана кызматтык маалымат менен иштөө тартибин сактоо;

  • Жер агенттигинин жетекчилиги үчүн материалдарды жана жыйындарды даярдоо;

  • Жер агенттигине жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык тапшырмаларды аткаруу.

4. Укуктары

Төмөнкүлөргө укугу бар:

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук-техникалык шарттарды камсыз кылуу;

  • белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга баруу;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жана мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн жана башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алуу;

  • өзүнүн өздүк ишиндеги бардык материалдар, өздүк ишине киргизилгенге чейин кесиптик иши жөнүндөгү ой-пикирлер жана башка документтер менен таанышуу, ошондой эле өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарын өздүк ишке киргизүү;

  • жетекчи берген оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылуу. Зарыл болсо, иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмесин толуктоону сурануу;

  • Жер агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрүнө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн, анын ичинде маалымат берүүнүн айрым милдеттерин аткаруу же токтотуу боюнча көрсөтмөлөрдү берүү;

  • Жер агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрүнөн керектүү маалыматты жана материалдарды, ошондой эле көзөмөлдөнгөн ишмердүүлүк багыттары боюнча отчетторду талап кылуу;

  • берилген кызматтык милдеттерин аткаруу, семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн кызматтык иш сапарга, ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга баруу.


5. Жоопкерчилик

  • ушул кызматтык нускамага жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартуу;

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин регламентин жана ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактоо;

  • мамлекет тарабынан жана башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматты ачыкка чыгарбоо;

  • жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттер же аракетсиздик үчүн жооп берүү;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо;

  • мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү кошпогондо, жетекчилердин баш ийүү тартибинде алардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн кечиктирип же сапатсыз аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу;

  • кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз убагында кароо;

  • башкармалыктын жетекчиси мыйзамдарга ылайык кызматтык иштин мүнөзүнө байланыштуу зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартат;

  • эгер мыйзамсыз буйрук аткарса (же берсе), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, жарандык же кылмыш жоопкерчилиги каралат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

—  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);  аскердик билет, справка МВД, мед. справка №086; 3×4 сүрөт — 3 даана;

— паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

—  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, аскердик билет , илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 14-апрелинен баштап 2026-жылдын 27-апрелин күндөрү Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө   саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.