Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Аксуу филиалыдокументтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Аксуу филиалыдокументтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

 

Квалификациялык талаптар:

 

  1. Билими – жогорку жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция.
  2. Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: талап кылынбайт.

 

Кызматтык милдеттери:

 

– өз ыйгарым  уккуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консултация берүү;

–кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

– документ кабыл алуу жана берүү маселелери боюнча сунуш менен арыздарды карап чыгат жана иш билгилик чектеринде тиешелүү чечимдерди  кабыл алат;

– кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу жана чөйрөсүндөгү ченемдик укеуктук актыларды дайыма изилдөө;

– аткарылган жумуштардын көлдөмү боюнча ай сайын отчет жүргүзүү.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

–  Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–   Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;

“Жер  кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”,   “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик  жол-жоболор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

–   Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай  кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

–   Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын  12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

 

* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;

* жыйынтык (резюме);

* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;

* өмүр баян (кол менен);

* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.

 

Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2025-жылдын  20июнунан баштап 30-июнуна чейин саат 17:30 чейин Каракол шаары Түп көч.1а Каракол-Аксуу филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.

Тел. 03922 3-12-92

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.