Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Жайыл филиалы

  • Рубрика записи:Вакансии

Жарыяланган жазуу:10.04.2026

Жазуу рубрикасы: Вакансиялар Бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

Кадр маселелери боюнча башкы адис -1 бирдик.

 

Конкурстун катышуучуларына карата коюлуучу талаптар: Квалификациялык талаптар жана инсандык сапаттар Башкы адис кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: Кесиптик билим деңгээли: — филология, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, юриспруденция багыты боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: Кадрдык иш же персоналды окутуу чөйрөсүндө 1 жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүк: Билдирүү: — Кыргыз Республикасынын Конституциясы; — «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын;—

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө», «Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө», «эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын архив фонду»; «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону; — Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси — мекеменин башка ички актылары

Жөндөмдүүлүгү: — жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; — маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; — стратегиялык жана аналитикалык документтерди даярдоо; — тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу; — бөлүмдүн алдына коюлган милдеттерди чечүүдө демилгелерди көрсөтүү; — стратегиялык жана концептуалдык милдеттерди аткаруунун индикаторлорун жана критерийлерин сапаттуу аныктоо; — кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; — ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; — эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр: — ишти пландаштыруу; — натыйжалуу угуу; — мамлекеттик жанаже расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; — ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; — башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; — маалымат базалары менен иштөө;

— презентацияларды даярдоо; — кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу; — компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүү: — кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдердин. Компьютерди билүү: — MS/Office; — электрондук почтаны башкаруу; — «АСКИД» программасы. Инсандык сапаттар: — актык; — калыстык; — жоопкерчилик; — тартип; — аткаруу; — тактык; — демилгелүүлүк; — түрткү берүү; — натыйжалуулук; — коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу; — кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары (негизги жүрүм-турум компетенциялары боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү караңыз): — инновацияга багыт алуу; — командада иштөө; — натыйжага багыт алуу; — аналитикалык ой жүгүртүү; — стратегиялык иш; — кесиптик өнүгүү; — ийкемдүүлүк; — лидерлик жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү; — маданияттар аралык компетенттүүлүк.

Кызматтык милдеттери — мекеменин кадр маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, эмгек келишимдеринин (контракттарынын) жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат; — мекеменин борбордук аппаратынын жана филиалдарынын түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет; — мекеменин кадрларынын эсебин жүргүзөт, курамын жана кыймылын талдайт; — сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт; — кадрлар боюнча автоматташтырылган системанын маалыматтар базасын актуалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзөт; — бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеменин өздүк курамы жана негизги иши боюнча буйруктарды даярдайт; — эмгек китепчелерин кабыл алат, толтурат, сактайт, берет; — Кызматтык күбөлүктөрдү берет жана эсебин жүргүзөт; — иштеген жылдарын белгилөө боюнча комиссиянын кароосу үчүн зарыл материалдарды даярдайт

— кызматтык иш сапарларды тариздейт жана эсебин жүргүзөт; — кызматкерлердин жумуш убактысынын жана эмгекке жарамсыздык барактарынын табелдик эсебин жүргүзөт; — кызматкерлердин азыркы жана мурдагы эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалымкаттарды берет; — мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, пенсияга чыгууга жана кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүү боюнча материалдарды даярдайт; — өргүүлөрдүн графигин түзөт, кызматкерлердин өргүүлөрдү пайдаланышын эсепке алат, бекитилген графикке жана кошумча өргүүлөргө ылайык кезектеги эмгектик өргүүлөрдү тариздейт; — Мекеменин кызматкерлерин ар кандай багыттар боюнча окутуу, квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

мекеменин бөлүмдөрүндө эмгек тартибинин абалын, кызматкерлердин ички тартип эрежелеринин сакталышын контролдойт; — кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды даярдайт; — Тартип комиссиясынын ишин уюштурат, комиссиянын жыйындарын өткөрөт, протокол жүргүзөт; — тартиптик жазалар боюнча текшерүүлөрдүн (кызматтык териштирүүлөрдүн) материалдарын комплекттейт, сактайт; — эмгек мыйзамдарын бузуу маселелери боюнча кызматкерлердин даттанууларын жана арыздарын карайт;

Укуктары — мамлекеттик кызматта ээлеген кызмат орду боюнча анын укуктарын жана милдеттерин белгилеген документтер жана кызматтык милдеттерди аткаруунун сапатына баа берүү критерийлери менен таанышуу; — кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык шарттарды камсыз кылуу; — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алуу; — өзүнүн өздүк ишинин бардык материалдары, кесиптик иши жөнүндө пикирлер жана башка документтер менен анын өздүк ишине киргизилгенге чейин таанышуу, ошондой эле анын өздүк ишине жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн тиркөө;

— бул буйруктун мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда жетекчинин оозеки буйругун жазуу жүзүндө ырастоону талап кылуу; — жетекчиден так аныкталган кызматтык ыйгарым укуктарды бекитүүнү талап кылуу; — өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине даттануу; — кызматчынын пикири боюнча негизсиз айыптоолорду же шектенүүлөрдү алып салуу максатында кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылуу.

Жоопкерчилик — ушул кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартуу: — мекеменин регламентин, ички тартип эрежелерин, өрт коопсуздугунун жана эмгекти коргоонун эрежелерин сактабоо; — мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаруу;

— жарандардын, юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келген аракет же аракетсиздик; — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызматка байланыштуу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоо; — укукка жат тапшырмаларды кошпогондо, жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогору турган адамдардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында, сапатсыз аткаргандыгы үчүн; — жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз убагында карабагандыгы үчүн; — кызматтык иштин мүнөзүнө байланыштуу келтирилген зыян үчүн мыйзамдарга ылайык материалдык жоопкерчилик тартат;

Катышуу үчүн конкурс төмөнкүлөрдү берүү керек: — Жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, резюме, автобиография, сүрөт (3*4 – Паспорт, Зарыл болгон кесиптик абалын, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган докуметтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, айлык акы боюнча, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө,илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө, иштеген жери боюнча ноториалдык же персеналдык башкаруу кызматтары тарабынан текшерилген документтер.)

  • КР ИИМ маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат.

  • Жергиликтүү КВКДА эске алынган аскердик билет.

  • Медициналык маалымкат форма-086.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Документтер жеке өзү жана толук көлөмдө берилиши керек.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү — жарыяланган күндөн тартып 10 күн.

Конкурска катышуу үчүн документтер жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Жайыл филиалына берилиши керек.

Дарек боюнча: Жайыл району, Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү 1.
Тел: 3 23 68