Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районундагы филиалга барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Жер агенттигинин директору Түп филиалы үчүн салынып жаткан жаңы административдик имараттын курулуш иштери менен жеринен таанышып чыкты. Курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана белгиленген мөөнөттөр боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Маалыматка ылайык, Түп филиалынын административдик имаратынын долбоордук кубаттуулугу 505,9 чарчы метрди түзөт.
Жаңы административдик имарат пайдаланууга берилгенден кийин жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулайт. Ошондой эле кызматкерлер үчүн заманбап иш шарттары камсыздалып, филиалдын ишинин натыйжалуулугу артат.
___________________
Директор Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики Эрнисбек Зарнаев в рамках рабочей поездки в Иссык-Кульскую область посетил Тюпский районный филиал.
В ходе визита директор земельного агентства ознакомился с ходом строительства нового административного здания Тюпского филиала на месте. Были рассмотрены вопросы качества строительства, сроков выполнения работ, а также даны соответствующие поручения ответственным лицам.
Согласно проекту, общая площадь административного здания составляет 505,9 квадратных метра.
Отмечается, что после ввода здания в эксплуатацию будут созданы комфортные условия для граждан, а также улучшится качество предоставления государственных услуг. Кроме того, для сотрудников будут созданы современные условия труда, что повысит эффективность работы филиала.




