Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Айгерим Нурланова ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна КР Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык Джеенбаев Тилек Джанышович дайындалды.
Бүгүн, 19-июнда Жер агенттигинин башкы кеңсесинде жаңы дайындалган директордун орун басары кызматкерлерге тааныштырылды.