“22-февраль – Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү” белгиленди

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 20-февралда, “22-февраль – Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Көп жылдык ак ниет эмгеги, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон олуттуу жеке салымы үчүн кызматкерлер төмөнкү сыйлыктар менен сыйланышты:

“Жер агенттигинин эмгек ардагери” төш белгиси;

“Жер агенттигинин ардактуу кызматкери” төш белгиси;

“Жер агенттигинин отличниги” төш белгиси;

Жер агенттигинин Ардак грамотасы;

Жер агенттигинин Алкыш баракчасы.

Салтанаттын соңунда Жер агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев сөз сүйлөп, кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктады. Ал өз сөзүндө агенттиктин ишин алдыга жылдыруудагы ар бир кызматкердин салымы маанилүү экенин белгилеп, жигердүү жана жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Майрамдык иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталды.
________________________________

Отмечен День работников землеустройства, регистрации прав на недвижимое имущество, геодезии и картографии Кыргызской Республики

Сегодня, 20 февраля, в преддверии профессионального праздника – Дня работников землеустройства, регистрации прав на недвижимое имущество, геодезии и картографии Кыргызской Республики, который ежегодно отмечается 22 февраля, состоялось торжественное мероприятие.

В рамках мероприятия были вручены ведомственные награды Государственное агентство по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

За многолетний добросовестный труд, личный вклад в развитие и совершенствование единой системы землеустройства и регистрации прав на недвижимое имущество сотрудники были награждены следующими ведомственными наградами:

нагрудным знаком «Ветеран труда Земельного агентства»;

нагрудным знаком «Почётный сотрудник Земельного агентства»;

нагрудным знаком «Отличник Земельного агентства»;

Почётной грамотой Земельного агентства;

Благодарственным письмом Земельного агентства.

В завершение мероприятия директор агентства Эрнисбек Зарнаев выступил с поздравительной речью, поздравил сотрудников с полученными наградами и выразил благодарность за активную и ответственную работу, а также за вклад в развитие деятельности агентства.

Торжественное мероприятие прошло в тёплой и праздничной атмосфере.