Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин Балыкчы филиалынын архив боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин Балыкчы филиалынын архив боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.

Балыкчы филиалынын архив боюнча адисинин бош кызмат ордуна -1 бирдик.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
Башкы адис — архивариус : жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы

Кесиптик билим деңгээли:
Багыттары боюнча жогорку билими: экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.

Билүүсү зарыл:

— Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
— “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

Жөндөмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
— конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;
— маалымат базалары менен иштөө;
— презентацияларды даярдоо;
— кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Көндүмдөр:
• Жетекчинин шыктарына, аналитикалык жөндөмдөргө ээ болуу;
• иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
• анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;
• ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
• кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
• талаштарды компетенттүү чече билүү, кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
• өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
• кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу
мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
Тилдерди билүү:
• Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

Компьютерде иштей билүү:
• MS/Office;
• электрондук почтаны колдонуу;
• маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
• АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ)

Жеке сапаттар:
Чынчылдык, калыстык, жоопкерчилик, тартип, аткаруучулук, тырышчаактык, демилге, натыйжалуулук, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.
Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
• Арызы, кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян, сүрөтү 3*4 — 3 даана;
• Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы сынакка документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
• Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтерининин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
• Соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (КР ИИМ Маалымат борбору).

Документтерди 2025-жылдын 01-сентябрынан баштап, 12-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Балыкчы филиалынына –Аманбаев көчөсү № 153 дареги боюнча берүү керек. Телефон: 0( 3944) 3-07-56.