Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол-Аксуу филиалыдокументтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.
Квалификациялык талаптар:
- Билими – жогорку жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция.
- Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы: талап кылынбайт.
Кызматтык милдеттери:
– өз ыйгарым уккуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консултация берүү;
–кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
– документ кабыл алуу жана берүү маселелери боюнча сунуш менен арыздарды карап чыгат жана иш билгилик чектеринде тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
– кыймылсыз мүлк боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу жана чөйрөсүндөгү ченемдик укеуктук актыларды дайыма изилдөө;
– аткарылган жумуштардын көлдөмү боюнча ай сайын отчет жүргүзүү.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Мамлекеттик жана расмий тилдерди;
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамын;
“Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
– Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;
-“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
* өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3 х4 см сүрөт;
* жыйынтык (резюме);
* билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
* эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
* КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
* өмүр баян (кол менен);
* паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү(паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); аскердик билеттин көчүрмөсү.
* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү.
Скоросшивателге көктөлгөн документтер 2025-жылдын 20–июнунан баштап 30-июнуна чейин саат 17:30 чейин Каракол шаары Түп көч.1а Каракол-Аксуу филиалына, кадрлар бөлүмүнө берилиши керек.
Тел. 03922 3-12-92
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөгө чакырылат. Тесттин датасы, убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет.