ЖЕР АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ТИЛЕК ДЖЕЕМБАЕВ ДАЙЫНДАЛДЫ

Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Айгерим Нурланова ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна КР Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык Джеенбаев Тилек Джанышович дайындалды.

Бүгүн, 19-июнда Жер агенттигинин башкы кеңсесинде жаңы дайындалган директордун орун басары кызматкерлерге тааныштырылды.