Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майында кабыл алынган № 284 токтомунун негизинде, жер мунапысын жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктайт.
Жер мунапысы башталган күндөн тартып Жалпы республика боюнча 2025-жылдын 30-майына карата мунапыс алууга жарандардан жалпы 170 626 арыз келип түштү. Анын ичинен жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жарандарга жер участогун бекитип берүү жөнүндө 76 482 чечим кабыл алынды.
Жер агенттигинин тарабынан Жер участогуна болгон жеке менчик тууралуу 64 599 мамлекеттик акт жана 43 267 тезпаспорт берилген. Мунапыс жүргүзүлгөн жерлердин жалпы аянты 10 325 га түзөт.
Ошол себептен, жер мунапысы — жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция болуп саналгандыктан, бардык кызыктар тараптар, берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан 2025-жылдын 1-июлуна чейин жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияга арыз менен кайрылып, жер участогуна болгон укуктарын мыйзамдаштырып алышса болот.