ЖЕР АГЕНТТИГИ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН АЛКАГЫНДА ЖАҢЫ СИСТЕМАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

  • Рубрика записи:Новости

Бүгүн, 11-июль күнү Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде ЖӨБ органдары үчүн геомаалыматтык системанын  III баскычы жана “Мамлекеттик кадастрдык баалоо” автоматташтырылган системасынын IV баскычы кабыл алынды.

Кабыл алынган долбоорду “Терра Технолоджи” ЖЧКсы сунуштаган.

Системанын жалпы архитектурасы бекитилген техникалык тапшырмага жана жер администрлөө тармагындагы санарип платформаларга карата Жер агенттигинин талаптарына толук ылайык келет.

Алдыда — кадастрдык бааны аныктоонун нарктык жана чыгымдык ыкмаларын киргизүү, системанын айрым элементтерин өркүндөтүү жана сыноо эксплуатациясы күтүлүүдө. Андан соң — тажрыйбалык жана өнөр жай деңгээлиндеги толук ишке киргизүү жүргүзүлөт.

Иштелип жаткан автоматташтырылган маалыматтык системасы күнүмдүк режимде кадастрдык баалоону жүргүзүүгө, объекттердин мүнөздөмөлөрүндөгү өзгөрүүлөрдү так эсепке алууга жана эсептөөлөрдүн толук ачыктыгын камсыздоого мүмкүндүк берет. Ал эми геомаалыматтык система жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көптөгөн ыйгарым укуктарын автоматташтырууга, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга шарт түзөт.

******************************************************************

Сегодня, 11 июля, в Государственном агентстве по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии состоялась приёмка III этапа разработки Геоинформационной системы органов местного самоуправления (ГИСМСУ) и IV этапа Автоматизированной информационной системы «Государственная кадастровая оценка» (АИС ГКО).

Разработку представило ОсОО «Терра Технолоджи».

Общая архитектура систем полностью соответствует утверждённому техническому заданию и требованиям Агентства по цифровым платформам в сфере земельного администрирования.

В ближайших планах — внедрение стоимостного и затратного подходов к кадастровой оценке, доработка отдельных элементов системы и тестовая эксплуатация. Далее — опытное и промышленное внедрение.

Разрабатываемая система АИС ГКО позволит осуществлять кадастровую оценку в ежедневном режиме, точно учитывать изменения характеристик объектов и обеспечит полную прозрачность расчётов. Система ГИС МСУ позволит автоматизировать значительную часть полномочий муниципальных органов власти, увеличить качество и прозрачность оказываемых гражданам услуг.