Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин  жер кадастры жана каттоо башкармалыгынын адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин

 жер кадастры жана каттоо башкармалыгынын адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт

1.     Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
Башкармалыктын адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
      – багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
–     жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Кесиптик компететтүүлүк:
         Билүүсү зарыл:

–  Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–   “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;

–   Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–   Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

–   Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;

–   “Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” , “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрында № 233 токтому менен бектилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти”;

–  Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө” мыйзамы;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежеси”;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” Жобосу;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо.

      Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.

     

 Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 24-февралынан баштап 7-мартын  кошо алуу менен Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө саат                                  18: 00ге чейин, тапшырылышы керек.