Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин                         Чечимдердин  аткарылышын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү сектордун  жетектөөчү адиси   бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

  • Рубрика записи:Вакансии

Кыргыз  Республикасынын   Министрлер Кабинетине караштуу Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин                         Чечимдердин  аткарылышын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү сектордун  жетектөөчү адиси   бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт -1 бирдик

 

  1. Квалификациялык талаптар жана жеке сапаттары
     Сектордун жетектөөчу адиси кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
Кесиптик билимдин деңгээли:
       – багыттары боюнча жогорку билими: экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу.
Иш тажрыйбасы жана эмгек стажы:
–      жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда, иш кагаздарын  иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Кесиптик компететтүүлүк:
Билүүсү зарыл:

–      Мамлекеттик жана расмий тилдерди;

–      Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

–      “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

–    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;

–     Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодекси;

–      Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

–      Кыргыз Республикасынын Этика кодекси;

–        “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

–    Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнундө” мыйзамы;

–    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы  № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”;

–      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин “кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө” Жобосу;

–       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

–       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө Жобосу”;

–       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын  24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген эмгек китепчесин жүргүзүү тартиби”;

–       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндөгү убактылуу Жобосу;

–       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                                         12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо.

Чеберчилиги:
–      иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

–      анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

–      ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

–      кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

–      кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

–      өз ишин жана башкаруу ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Жөндөмдүүлүк:
–      аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

–      маалыматты талдоо, тутмдаштыруу жана жалпылоо;

–      конфликттик кырдаалды жөнгө салуу;

–      маалымат базалары менен иштөө;

–      презентацияларды даярдоо;

–      кызматтык убакытты рационалдуу пайдалануу;

–      Компьютердик жана жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тилдерди билүүсү:

–      Мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

Компьютерде иштей билүүсү:

–      MS/Office;

–      электрондук почтаны колдонуу;

–      маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

–      АМТ “Infodocs”(ЭИКЖТ).

Жеке сапаттары:

–      чынчылдык;

–      калыстык;

–      жоопкерчилик;

–      тартип;

–      аткаруучулук;

–      тырышчаактык;

–      демилге;

–      натыйжалуулук;

–      кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу;

–      коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

Негизги жүрүм-турум компетенциялары:
–      инновацияга басым жасоо;

–      командалык иш;

–      натыйжага багыт алуу;

–      аналитикалык ой-жүгүртүү;

–      стратегиялык иштер;

–      профессионалдык өнүгүү;

–      ийкемдүүлүк;

–      лидерлик сапат жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;

–      маданият аралык компетенция.

           Жоюлган жана/же жоюлбаган  соттуулугу бар, жазык куугунтугу уланып жаткан жана/же токтотулган жана/же шектенүүсү бар  адамдар  Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жана  иш кагаздарын жүргүзүү секторунун жетектөөчү адисинин  кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
                                                   3. Кызматтык милдеттери:
      –   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт;

–  Башкармалыктын Министирликтер, ведомстволор, борбордук жана башка аткаруу бийликтери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана ɵзүн ɵзү башкаруу органдары, Кызматтын башка түзүмдɵрү менен болгон иш аракеттерди ɵзүнүн компетенциясына ылайык камсыздайт;

–  Агенттиктин жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларын, башкармалыктын Жобосунда каралган тапшырмаларын жана милдеттерин аткаруусун камсыздайт;

–    зарыл болгон учурда секторунун ишине тиешелүү жана Агенттикке карай турган милдеттерди чечүү үчүн ведомстволук бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлерин тартууга;

– Секторго келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, кызматкерлерге Агенттиктин жетекчилигиндеги оперативдүү кеңешмелер жөнүндө маалымдайт;

– кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

-Агенттиктин белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

– өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

– жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

-Агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга катышуу;

–   Агенттиктин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине мониторинг жүргүзүү;

– Сектордун  компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, кайрылууларын жана сунуштарын кароо;

–  Агенттиктин жетекчилиги үчүн жана жыйынга материалдарды даярдоо;

– документтердин  долбоорун талкулоо, макулдашуу, киргизүү, толуктоо жана бекитүү, зарыл болсо даярдоо;

-сунуштардын жана эскертүүлөрдү жыйындоо, талдоо;

– документтердин долбоору боюнча иш-аракеттерди координациялоо;

– Сектордун компетенциясынын чегинде ведомстволук бөлүмдөрүнө методикалык, консультациялык, укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүү;

– Сектордун ишине тиешелүү маселелер боюнча, Агенттиктеги жана башка мамлекеттик органдардагы жыйындарга жана кеңешмелерге катышуу;

– Агенттикке жана секторго жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн, башка жумуш милдеттерин аткаруу.

                                                                     4. Укуктар
      – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык шарттарды камсыз кылууга;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдөн, башка мамлекетти органдардан жана жергиликтүү өзүн ɵзү башкаруу органдарынан белгиленген тартипте алууга;

– буйруктун мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда жетекчинин оозеки тескемесин жазуу жүзүндө ырастоону талап кылуу. Зарыл болгон учурда иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык укуктардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин толуктоону талап кылууга;

– Сектордун компетенциясынын чегинде тигил же бул тапшырмаларды аткаруу боюнча  ведомстволук бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөрдү берүүгɵ;

– Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнөн керектүү маалыматтарды жана материалдарды, ошондой эле тейлеген иштери боюнча отчетторду талап кылууга;

– жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн, семинарларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө жана башкаларга катышууга, кызматтык иш сапарларка, анын ичинде чет өлкөлөргө чыгууга болот.

                                                                5. Жоопкерчилик

– ушул кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же анын күнөөсү боюнча талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат;

– мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды,  ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;

– жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракети же аракетсиздиги үчүн;

– мамлекеттик кызмат менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоого;

– жетекчилерге баш ийүү тартибинде жогору турган адамдардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында, сапатсыз аткаргандыгы үчүн, укукка жатпаган тапшырмаларды кошпогондо;

– жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз убагында карабагандыгы үчүн;

– башкармалыктын башчысы кызматтык ишинин мүнөзүнө байланыштуу келтирилген зыян үчүн мыйзамдарга ылайык материалдык жоопкерчилик тартат;

– укукка жатпаган тапшырманы аткарган (же берген) учурда Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген тартипте дициплинардык, жарандык-укуктук же жазык жоопкерчилигин тартат;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); мед. справка №086; 3×4 сүрөт – 3 даана;

– паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

–  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 18-декабрынан баштап                            2024-жылдын  31-декабрын кошо алганда  күндөрү Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 307-иш бөлмөсүнө   саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.