Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ак-Талаа филиалы кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

  • Рубрика записи:Вакансии

   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ак-Талаа филиалы кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

 

Квалификациялык талаптар:

 

Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адисинин кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

 

Кесиптик билим деңгээли:

Багыттары боюнча жогорку билими: юриспруденция, филология, экономика, тил илими, социология, геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, кыймылсыз мүлктү башкаруу.

 

Иш тажырыйбасы жана эмгек стажы:

 Талап кылынбайт

Кесиптик компетенттүүлүк:

Билүүсү зарыл:

”Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин;

– Кыргыз Республикасынын Этика кодексин;

– ”Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, ”Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө ”, ”Улуттук архив фонду жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарын;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү

боюнча типтүү нускаманы;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын 2017жылдын 21-ноябрындагы №760 ”Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы  462 токтому менен бекитилген Эмгек китепчесин жүргүзүү тартиби;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндөгү убактылуу жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасьшын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартиби;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук сыйлыктары  жөнүндө жобону;

– Филиал жөнүндө жобону;

 

Тилдерди билүүсү

– Кызматтык милдеттерди аткаруу учун мамлекеттик жана зарыл болгон өлчөмдө расмий тилдерди билүү.

 

Компьютерде иштей билүүсү:

-MS/Office;

-электрондук почтаны колдонуу;

-маалыматтар базасы менен иштөө көнүмдөрү

-АМТ “Infodocs”  (ЭИКЖТ).

 

Жеке сапаттары:

чынчылдык; калыстык; жоопкерчилик; тартип; аткаруучулук; тырышчаактык; демилге; натыйжалуулук; кесиптик билимди жана көнүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу; коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу.

 

Чеберчилиги:

-иштин алдыңкы багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу

-анализдөө, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг;

-ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечуу;

-кыйынчылыктарды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;

-өз ишин жана башка ишин натыйжалуу пландаштыруу.

 

Жөндөмдүүлүк:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • конфликттик кырдаалды жөнгө салуу; маалымат базалары менен иштөө;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

–  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалым кат- соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);  мед. справка №086;  3×4 сүрөт — 3 даана;

-паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

– кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, аскердик күбөлүгүнүн көчүрмөсү, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

Сынакка катышуу үчүн документтер, жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш  күн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Нарын облусу Ак-Талаа району Баетов айылы С.Ынакбеков  көчөсү, 12/2 дарегине,  тапшырылышы керек. Байланыш тел: : (03537) 92148.