Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Аксуу филиалынын кадастрдык картография боюнча адис кызмат ордуна бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.
Каракол-Аксуу филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн кадастрдык картография боюнча адис кызмат ордуна – 1 орун. жана коюлуучу талаптар:
- Кесиптик билим деңгээли:
- Жогорку билим же кесиптик орто билим (жерге жайгаштыруу, геодезия, картография, гидромелиорация, юриспруденция, агрономия, архитектура жана курулуш);
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Кесип боюнча 1-жылдан кем эмес эмгек стажы;
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
—Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча укук ченемдик актылар
Билгичтиги:
- Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- Документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
- Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
- Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
Командада иштөө;
- Жер кадастры жана картографиялык талдоо иштерин жүргүзө билүү;
- Картографиялык шарттуу белгилерди жана карта менен иштөөнү;
Көндүмдөрү:
- Мамлекеттик жана/ же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- Маалымат базасында иштей билүү;
- Геодезиялык инструменттер менен иштей билүү;
- Жумуш убактысын үнөмдүү пайдалануу;
- Компьютерде иштей билүү (Word, Exсel, Internet Auto CAD);
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— өздүк арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 см фотосүрөт;
— жыйынтык;
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
— соттуулугу жоктугу тууралуу КР ИИМинен маалымкат;
— медициналык справка — форма 86-у;
— автобиография (өз колу менен);
— билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгарууну, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөсү. (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
— паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 19-июлунан тартып 2024-жылдын 25-июлуна чейин Каракол шаары, Түп көчөсү, 1 дарегине саат 17:00го чейин тапшырылышы керек. Тел: (03922) 3-12-92; 0508 01-01-08