Жер агенттигинин кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды

Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата, кызматкерлердин ак ниет эмгеги, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүүгө жана түзүүгө кошкон жеке салымын эске алуу менен ыйгарылды.

Жалпысынан Жер агенттигинин 134 кызматкери сыйланды.

Алардын ичинен 16 кызматкер «Эмгек ардагери» ардак белгисине, 30 кызматкер «Ардактуу кызматкери» төш белгисине, 35 кызматкер «Отличниги» төш белгисине, 25 кызматкер Жер агенттигинин Ардак грамотасына, ал эми 28 кызматкер Алкыш баракчасына татыды.

Сыйлыкка татыгандардын арасында Жер агенттигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен катар республиканын бардык аймактарындагы филиалдардын адистери, ошондой эле агенттикке караштуу «Мамкартография» жана «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери бар.

Ведомстволук сыйлыктар кызматкерлердин көп жылдык эмгегин, кесипкөйлүгүн жана тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоонун бири болуп саналат.

Жер агенттиги сыйлык алган бардык кызматкерлерди куттуктайт! Аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайт.

______________________________________

134 сотрудников Земельного агентства награждены ведомственными наградами

Сегодня, 27 августа, в Государственном агентстве по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялось вручение ведомственных наград сотрудникам.

Награды вручены в преддверии Дня независимости Кыргызской Республики за добросовестный труд, а также личный вклад в развитие и создание единой системы землеустройства и государственной регистрации прав на недвижимое имущество.

Всего ведомственными наградами отмечены 134 сотрудника Земельного агентства.

Из них 16 сотрудников награждены нагрудным знаком «Ветеран труда», 30 — нагрудным знаком «Почётный сотрудник», 35 — нагрудным знаком «Отличник», 25 сотрудников — Почётной грамотой Земельного агентства, а 28 сотрудников — Благодарственным письмом.

Среди награждённых — сотрудники центрального аппарата Земельного агентства, специалисты территориальных филиалов из всех регионов республики, а также сотрудники государственных предприятий «Мамкартография» и «Кыргызмамжердолбоорлоо».

Ведомственные награды являются признанием многолетнего труда, профессионализма сотрудников и их вклада в развитие отрасли.

Земельное агентство поздравляет всех награждённых сотрудников и желает им крепкого здоровья, семейного благополучия и дальнейших профессиональных успехов!