Эл аралык карылар күнүнө карата КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Панфилов филиалынын директору С.А.Осмоналиев жооптуу кызматкерлери менен биргеликте Панфилов районунун Кайыңды шаарында турган улгайган курактагы жарандарды куттуктап, алардын ал-акыбалын сурап келишти.
Андан тышкары, карыларга Панфилов филиалы тарабынан даярдалган азык-түлүк топтомдору тапшырылып, каалоо-тилектер айтылды.
Панфилов филиалы жыл сайын четте калбай райондун карыларын дайыма куттуктап жана бул сыяктуу көрсөтүлгөн жардамдар жакшы салтка айланып келет.
______________________________________________________________________
Всемирного дня пожилых людей директор Панфиловского филиала государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики С.А.Осмоналиев совместно с ответственными сотрудниками поздравили с предстоящим праздником и проведали пожилых людей, проживающих в городе Каинда Панфиловского района.
Кроме того, Панфиловским филиалом были вручены специально подготовленные продуктовые пакеты пожилым людям и сказаны исключительно добрые пожелания.
Ежегодно Панфиловским филиалом оказывается подобная помощь пожилым гражданам, что в свою очередь стало по своему доброй традицией.