Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн, жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча адиси кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

Квалификациялык талаптар:

· Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана картография, жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана шаар куруу, юриспруденция, агрономия, гидромелиорация, мүлктү баалоо жана башкаруу.

· Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же мамлекеттик/муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

· Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

· Компьютердик иш билгичтиги (Word, Excel, СЭД ж.б.) болушу.

· Кыргыз Республикасынын Конституциясын билүү.

· «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын билүү.

· «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамын билүү.

· «Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү.

· Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодекстерин билүү.

· Кыргыз Республикасынын Жер кодексин билүү.

· Кыргыз Республикасынын Этика кодексин билүү.

· «Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө», «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү.

· Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү), кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин билүү.

· Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүү.

· Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексин билүү.

· Мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды билүү.

Кызматтык милдеттери:

· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

· Агенттиктин жана филиалдын ишине байланышкан талаш-тартыштарды кароодо белгиленген тартипте соттордо жана башка инстанцияларда филиалдын жана Агенттиктин кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;

· филиалдын директоруна кол коюуга сунушталган мыйзамдардын, буйруктардын, тескемелердин, жоболордун долбоорлорунун жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин мыйзамдарга ылайык келишин текшерүү. Эгерде келишпестиктер аныкталса, тиешелүү маселени мыйзамдуу түрдө чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;

· кесиптик этиканын нормаларын сактоо;

· Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жана филиалда белгиленген ички эмгек тартибин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

· кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо;

· жетекчиге баш ийүү тартибинде жогору турган жетекчилердин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

· мамлекеттик каттоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын, суроо-талаптарын жана сунуштарын кароо;

· филиалдын жетекчилигинин башка кызматтык милдеттерин жана көрсөтмөлөрүн аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

· өздүк арыз;

· кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

· 3×4 см фотосүрөт;

· билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

· эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

· КРнын ИИМинен соттуулугу жоктугу тууралуу маалым кат;

· медициналык справка — 086-У формасы;

· автобиография (өз колу менен);

· билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

· аскердик билеттин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

· окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылганын, квалификациясын жогорулатууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

· паспорттун же өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 27-августунан 7-сентябрга чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин Өзгөн району, Шералы айылы, К. Акматов көчөсү № 6 дареги боюнча кабыл алынат.

Байланыш номери: +996 779551755, +996 703398399.